Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

ГРУЗИЯ: ЖАҢЖАЛ ОТУ ТҮШТҮК ОСЕТИЯДАН СЫРТКАРКЫ АЙМАКТАРГА ДА ЖАЙЫЛДЫ


Грузиянын жикчил аймагы Түштүк Осетиядагы согуш жаңжалы эми өлкөнүн башка аймактарына да таркала баштады. Орус аскерлери Абхазия тараптан Грузиянын ичкерки аймагы жакка жүткүнүүдө. Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Түштүк Осетиядагы согуш жаңжалына тез арада чек коюу үчүн арачылык аракеттерин күчөтө баштаган маалда, орус президенти Дмитрий Медведев Түштүк Осетиядагы аскердик өнөктүк бүтөөрүнө жакындаганын маалымдаган. Бирок, соңку кабарларга караганда, грузиялык жана орусиялык аскерлердин айыгышкан кармашуулары эми өлкөнүн дагы бир жикчил аймагы – Абхазияга чектеш аймакка жайылууда.

Бүгүн кечке жуук Орусиянын аскер күчтөрү Грузиянын жикчил аймагы Абхазия тараптан Грузиянын ичкерки аймагына киргизилди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин тастыкташынча, 11-августта кечке жуук орус аскерлери абхаз-грузин чегинен өттү. Саал мурдараак Абхазиядагы орусиялык аскерлердин колбашчысы генерал Сергей Чабан Абхазияга жакын жайгашкан грузиялык аскерлердин куралсызданышын талап кылган. Эгерде ультиматум аткарылбаса, анда тийешелүү чаралар көрүлмөкчү деп ал грузин аскер күчтөрүнө сес көрсөткөн. Грузиянын коргоо министрлиги бул ультиматумду дароо четке каккан болчу.

Ал эми Орусиянын Башкы командачысы, президент Дмитрий Медведев болсо орусиялык аскерлердин Түштүк Осетиядагы грузин аскер күчтөрүнө каршы өнөктүгү дээрлик соңуна чыгып калгандыгын “Интерфакс” кабар агенттигине саал мурдараак билдирген.

Медведевдин айтымында, Түштүк Осетиянын ордо шаары Цхинвали жаңы аскер бөлүктөрү менен чыңдалган орусиялык бейпилдик күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү.

Бүгүн (11-августта) орусиялык аскер учактары Грузиянын ички аймагына сүңгүп, бир катар буталарды бомбалаганы кабардалууда. Алардын арасында Тбилисинин чет жакасындагы жана порт шаар Потидеги жайлар да бар.

Батыш өлкөлөрү болсо согуш аракеттерин тез арада токтотуу үчүн арачылык ишмердүүлүгүн ыкчамдатты.

Француз тышкы иштер министри Бернар Кушнер (Bernard Kouchner) бүгүн (дүйшөмбүдө) Тбилисиде маалымат жыйынын өткөрүп, башкы нерсе – тез арада ок атышууларды токтотуу экендигин баса белгиледи:

- Биз, калайыктын жапа чегип жатканын көрүп, Грузиянын калкы үчүн, эки тарап үчүн тең, албетте, жапа чегип жаткан кишилер үчүн, бул жаңжал тез арада соңуна чыгат ко деп үмүттөнөбүз. Биз аларга кайрымдуулук жардамыбызды жеткирүүнү каалайбыз. Бул болсо ок атышууларды мүмкүн болушунча тез арада токтотуу керектигин түшүндүрөт.


Бернар Кушнер мырза кечээ (жекшембиде) Тбилисиге келип, Европа Биримдиги колдоого алган тынчтык долбоорун жарыялаган.

Бул – ок атышууларды токтотуу, жабыр тарткандарга кайрымдуулук жардамы үчүн жол ачып берүү, аскерлерди жаңжал аймагынан чыгарып кетүү жана тынчтык сүйлөшүүлөргө кайтып келүү деген төрт баскычтан турган сунуш.

Бүгүн ал Маскөөгө сапарын улантып, орусиялык жетекчилик менен жолугушмакчы. Кушнердин айтымында, грузин мамлекет башчысы Михаил Саакашвили сунуштун басымдуу көпчүлүгү менен макул болду.

АКШ президенти Жорж Буш (George W. Bush) бүгүн (дүйшөмбүдө) Бээжинде Эн-Би-Си (NBC) сыналгысы үчүн маек куруп жатып, Түштүк Осетиядагы окуяларга байланыштуу Орусиянын жетекчилиги менен түздөн-түз сүйлөшүү жүргүзүп жатканын белгиледи:

- Мен бул зомбулук аракеттерди эч кабыл алууга болбойт деп айттым. Мен муну Владимир Путинге гана эмес, өлкөнүн президенти Дмитрий Медведевге да айттым.

ЕККУнун учурдагы төрагасы, финн тышкы иштер министри Александр Стубб бул уюмдун өкүлчүлүгү грузиялык Гори шаарына келип, андагы ойрон болгон үйлөр тууралуу маалыматты жеринен үйрөнгөнү жатканын Би-Би-Сиге маалымдады.

Айтмакчы, “Азаттыктын” Грузин кызматынын кабарчысы Коба Ликликадзе (Koba Liklikadze) ушул тапта Гори шаарында жүрөт.

Ал орусиялык аскер учактарынын бомбалоосуна кабылган бул шаардан бүгүн жагдайды телефон аркылуу мындайча сыпаттады:

- Гориде азыр жымжырт. Андагы жана ага жакын кыштактардагы тургундар бул аймактан качып чыгып жатышат. Шаар азыр жансыз бир калаага окшоп турат.

Грузин президенти Саашвилинин айтымында, соңку согуш аракеттеринде жабыр тарткандардын дээрлик 90 пайызы – карапайым кишилер.

Грузин аскерлери 8-августка караган түнү Түштүк Осетияга киргизилген. Ага чейинки күндөрү грузин аскерлери жана орус бейпилдик күчтөрүнө таянган жикчил түштүк осетин күчтөрү бири-бирин көздөй ок жаадырып турган.

Грузин аскерлерине жооп кылып, орусиялыктар куралдуу күчтөрүнүн ири бөлүктөрүн Түштүк Осетияга киргизди. Дүйшөмбү күнү орус аскерлери Абхазия тараптан да Грузиянын аймагына илгери сүңгүп кирди.

Бул - Советтер Биримдиги кулагандан берки орусиялык аскерлердин алгачкы жолку чет өлкөгө жасаган ири жортуулу болуп калды.

Азырынча башка КМШ өлкөлөрү бул окуяларга карата бирдиктүү мамилесин билдире элек.

XS
SM
MD
LG