Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Н.КАСИЕВ: ЭЛЕКТР КУБАТЫН ЧЕКТӨӨ МЕНЕН МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛБЕЙТ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Жай саратандын бүтөөрүнө мына саналуу гана күндөр калды. Кылычын көтөрүп кыштын кирип келээри тууралуу азыртадан ойлонуу керек. Кыргызстандагы энергетика тармагында түзүлгөн кырдаал, кризиситен чыгуунун жолдору тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроoлоруна саясый-коомдук ишмер Накен Касиев жооп берди.

“Азаттык”: Накен мырза, бийлик өкүлдөрү быйылкы энергетикалык кризисти “Токтогул” суу сактагычындагы суунун аз топтолушу, ага болсо аба-ырайынын кургакчыл болгондугу себеп экендиги менен түшүндүрүп жатышат. Айрым серепчилер мындай жагдай жетекчилердин өз убагында тиешелүү чара көрбөгөндүгүнөн болду деп байма-бай айтып келатышат. Энергетика тармагындагы учурдагы кырдаалдын келип чыгышына эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Н.Касиев: Эң негизги себептердин бири чындыгында эле суунун тартыштыгы болуп жатат. Эки жылдан бери “Нарын” каскадында суу кескин азайды. Бирок экинчи жагынан, мамлекеттик башкаруу жагынан да, өзгөчө энергетика тармагын башкарып жаткан жетекчилерден чоң кемчилик кетти. Себеби быйылкы жылы биздин жетекчилик былтыр Тажиктстанда болгон кризистен сабак алышы керек эле. Алдын ала аракеттерди кылыш керек болчу, бирок тилекке каршы мына бүгүн 8 млрд. кубка жакын гана суу калыптыр. Үч жыл мурда “Токтогул” суу сактагычында 17 млрд куб суу бар эле. Бул албетте, элге кедергесин тийгизип жатат. Себеби чектөөлөр киргизилип, айылдарда, шаарларда үч фазалуу жылыткычтар өчүрүлүп жатат. Бул өз кезегинде кайра иштетүүгө чоң терс таасирин тийгизет. Эгинди, пахтаны терүү иштери башталып калды, аларды кайра иштеткен заводдордун жабылышына алып келиши мүмкүн. Мен эки жаткан тең кетип атат ойлойм.

“Азаттык”: Энергетика кризисинен чыгуу боюнча бийлик көрүп жаткан аракеттерге кандай баа бересиз?

Н.Касиев: Мектептерди, ооруканаларды көмүргө өткүлө деп жатат, бирок көмүрдүн баасы деле жогору болуп жатпайбы. Мына азыр көмүрдүн баасы тоннасына 3 миң сомго жетти, сентябрга карата көмүрдүн тоннасы 5 миң сомго чыгат деп айтылып жатат. Анын мындай баага көмүр сатып алууга бардыгынын деле мүмкүнчүлүгү жок да.

“Азаттык”: Накен мырза, өкмөттүн жыйынында электр кубатына дагы 30 пайыз чектөөлөр киргизилери айтылбадыбы. Өкмөттүн мына ушундай чектөөлөрдү киргизиши, элетр кубатын, газды отундун башка түрлөрүнө өткөрүү демигесине кандай көз караштасыз. Муну менен маселе чечилип кетеби?

Н.Касиев: Менин оюмча үч фазаларды кыркуу, 30-40 пайыз чектөөлөрдү киргизүү менен маселеле чечилип кетпейт. Себеби андан көп деле үнөмдөө болбойт. Негизинен абал өтө оор.

“Азаттык”: Мына газга баа дээрлик эки эсеге кымбатташы күтүлүүдө. Макул, газды Өзбекстандан сатып алып атабыз, бирок көмүр өзүбүздөн чыгып жаткандан кийин баанын кымбатташын кармап туруу мүмкүнбү?

Н.Касиев: Кара-Кечедеги көмүрдү да ары тартып, бери тартып, ал жерде абал начар деп угуп жатам. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, тилекке каршы, биз өзүбүздүн колубузда бар нерсени иштете албай жатпайбызбы Көмүр кендерин жандандырып, элди көмүр менен камсыз кылуу өтө начар.

XS
SM
MD
LG