Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

НИНО БУРЖАНАДЗЕ: ЖАҢЖАЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ ҮЧҮН ДЕМЕЙДЕГИ ДИПЛОМАТИЯЛЫК АРГАЛАР ЖЕТИШСИЗ


Нино Буржанадзе – үстүбүздөгү жылдын башында грузин парламентинин спикерлигинен кеткен. Бирок ал ушул күнгө чейин Грузиядагы эң салмактуу саясатчылардын бири бойдон калууда. Нино Буржанадзе айым кечээ (11-августта) “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” Грузин кызматына маек курду. Анын оюнча, эгемен Грузиянын аймагындагы согуш аракеттерин чукул арада токтотуу үчүн демейдеги дипломатиялык аргалар жетишсиз болуп жаткандай.

“Азаттык”: Грузин бийлиги Түштүк Осетиядагы Конституциялык тартипти орнотуу үчүн 8-августта куралдуу күчтөрүн бул жикчил аймакка жибергенде, окуялар мындан ары кандай нукта өнүгөрүн билгендир деп жоромолдоп көрөлү. Сиздин баамыңызда, Орусиянын баскынчылыгына кантип туруштук берүү жагын грузин өкмөтү кантип пландаштырды экен?

Нино Буржанадзе: Мен үчүн Орусия мынчалык деңгээлде аскер жаңжалына кийлигишээрин элестетүү өтө кыйын болчу. Жаңжал чыккан аймак гана эмес, андан алыс болгон аймактар дагы бомбаланууда. Буга Грузиянын батышы дагы кирет. Шаарлар жана кыштактар бомбаланууда, карапайым эл арасында дагы курмандыктар бар. Мындай олуттуу кырдаалда мен грузин өкмөтү муну туура кылды же тигини туура эмес жасады деп айтууга дитим барбайт.

Менимче, бүгүнкү күндө биздин эң негизги максатыбыз – согуш аракеттерин токтотууга жетишүү. Мен согуштук жаңжалды токтотуу үчүн жигердүү дипломатиялык иш-аракет жүргүзүп жаткан Европа жана АКШнын өкүлдөрүнө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Тилекке каршы, бул аракеттер жетишсиз болуп жатат, андыктан эл аралык коомчулук согуш аракеттерин токтотуу жана сүйлөшүүлөрдүн башталышын камсыз кылуу үчүн башка жолдорду да колдонушу керек го дейм.

“Азаттык”: Батыш коомчулугу Грузияга жакын арада кандай конкреттүү жардам бере алат деп эсептейсиз?

Нино Буржанадзе: Биз төмөнкүлөрдү күтөөр элек: азыркы кырдаал туура бааланышы абзел, эч ким эгемендүү өлкөнүн аткыланып жатканына көз жумду мамиледе болбошу керек. Ошондой эле, согуш аракеттерин токтотуп, сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн өтө олуттуу дипломатиялык механизм колдонушулу керек.

Эч ким эч кайсы тараптын Орусияга согуш жарыялашын күтүп жаткан жок жана каалабайт. Бирок азыркы дүйнө коомчулугу эгемендүү өлкөнү бомбалоону токтотуу жана эл аралык милдеттенмелерин аткарууну талап кылуу үчүн кайсы бир мамлекетке карата олуттуу каражатты колдоно алат. Бардык тараптарды сүйлөшүүлөрдү баштоого мажбурлоо үчүн механизмдер бар. Бирок муну жүзөгө ашыруу үчүн чынында да кеңири өлчөмдөгү далаалатты жасаш керек.

“Азаттык”: Эл аралык басма сөз каражаттары Батыш өлкөлөрү Орусиянын азыркы аракеттерине жолтоо болуу үчүн жетишерлик аракет көрдү бекен? деген суроону узатууда. Сиздин оюңузча, расмий Тбилиси үмүттөнгөн Батыштын колдоосу кандай деңгээлде акталбай создугуп калды?

Нино Буржанадзе: Батыштык өнөктөштөрүбүз биз үчүн тынчсызданып жатканын мен жакшы билем. Баса белгилээрим – абдан көп нерсе жүзөгө ашты. Грузия азыр алардын көңүл чордонунда турат. Бирок бул өтө курчуп кеткен кырдаалда демейдеги дипломатиялык механизмдер жетишерлик жардам бере албай калды.

Бул Грузиянын гана маселеси эмес. Ар бир өлкө коңшулары менен, өзгөчө Орусия өңдүү ири өлкө менен жакшы мамиледе болууну каалайт. Бирок эки өлкөнүн кызыкчылыктары бири-биринен таптакыр айырмаланып турганда, алардын орток максат-мүдөөсү тууралуу сөз кылуу кыйын. Грузия НАТОго кирүүнү, көбүрөк европалык түзүлүштөргө жуурулушууну көздөйт. Орусия болсо Грузиянын бул кадамдарын душмандык катары кабыл алат.

Натыйжада жакшы мамилелер жөнүндө сөз дагы болбойт. Эми Грузия акыркы жылдары жүргүзүп жаткан саясаты үчүн жазага тартылууда. Грузия НАТОго мүчөлүккө өтүүнү жана саясий жактан көз каранды эмес болууну каалагандыгы үчүн жазага кириптер болууда. Эл аралык коомчулук ушул жагдайды көңүлүнө алышы керек.

“Азаттык”: Сиздин баамыңызда, ушул кырдаалда Орусия кандай максатты көздөп жатат? Эми Орусия өтө албай турган кандайдыр-бир чек барбы?

Нино Буржанадзе: Мен бул суроого жооп бере албайм. Мен Орусияны жакшы билем деп ойлоп жүргөм, бирок соңку окуялар мен ойлогондон алда канча ашып түштү. Мен Орусия Грузиянын шаарларын жана кыштактарын бомбалайт жана карапайым кишилердин жабырланышына дуушарлантат деп күткөн эмесмин.

Орусиянын максаты жөнүндө айтсам, бул өлкө Кавказдагы таасирин калыбына келтирүүнү самайт. Мен дайыма орусиялык кесиптештеримди Кремль Кавказда жана анын ичинде Грузияда дагы таасирге ээ боло аларына көндүргөнгө аракет жасачумун. Бирок бул жагымдуу маанайдагы таасир болушу керек, ал өз ара кадырлашууга, бири-биринин кызыкчылыктарын көңүлдө тутууга негизделиши керек. Ал коркутуп, бомбалап же жаңжалдуу аймактарда айлакердик аракет жүргүзүүгө негизделбеши керек. Тилекке каршы, сыягы, мен аларды мындай ойго көндүрө алган эмес экенмин.

“Азаттык”: Бул кризистен чыккандан кийин Орусия менен Грузиянын мамилеси кандай болот деп ойлойсуз?

Нино Буржанадзе: Тилекке каршы, Грузия Орусиянын аймагында “мокочо” катары көрсөтүлүп келди. 18ден 25 жашка чейинки орустар арасында жүргүзүлгөн ар бир сурамжылоо көрсөткөндөй, орусиялык жаштар Грузияны тирешкен өлкөлөрдүн тизмесинин башында турат деп санайт экен.

Бирок 1991-92-жылдары Абхазия менен Цхинвалидеги жаңжалда Орусиянын ролун унутпаганыбызга карабастан, Грузия үчүн орусиялык жетекчилик түзгөн нечен азаптуу көйгөйлөр болгонуна карабастан, ушулардын баарына карабастан, Грузияда эч качан анти-орусиялык маанай үстөмдүк кылган эмес жана бул үчүн мен өтө сыймыктанып келчүмүн. Кишилер Орусиянын саясатына жана империалисттик эңсөөлөрүнө каршы туруп келишти, бирок орус элинин өзүнө каршы чыгышкан эжок. Мен эми грузиндер күбө болуп жаткан соңку окуялар буга чейинки жагдайды өзгөртүп салат ко деп чочулайм.

“Азаттык”: Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG