Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) учурдагы төрагасы Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Тышкы иштер министрлигине атайын тапшырма берип, Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматтары менен тез арада кеңешме өткөрүүнү дайындады. Мурдагы Советтер биримдигине кирген өлкөлөрдүн Кавказдагы кризиске карата мамилеси кандай болуп жатат?

Кыргызстандын өлкө башчысы Курманбек Бакиев Орусия менен Грузия ортосундагы согуштук жаңжалдан улам өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматтары менен тез арада кеңешүү тапшырмасын берди. Бирок азырынча КМШга кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү Кавказдагы кырдаалга карата өз мамилесин билдире элек.

Лондондогу Жэйн Маалымат тобунун адиси Мэтью Клеменц КМШдагы дипломатиялык “жымжырттыктын” себебин мындайча түшүндүрөт:

- КМШга кирген көпчүлүк өлкөлөр үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш. Андыктан алар расмий Москва менен мамилени бузууну же кыскартууну каалашпайт. Мындай кырдаал аларга оор кесепет тийгизээр эле. Ошондуктан алардын унчукпай кала бериши - алардын өз кызыкчылыгы үчүн жасалууда.

Бирок ошондой болсо дагы расмий Киев Кремл саясатынан чыга албаган өлкөлөрдүн катарына кирген жок. Клеменцтин айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз гана Украина орус-грузин жаңжалында өз турумун билдирди.

Грузия өңдүү эле, Украина дагы “түстүү ыңкылапты” башынан өткөргөн жана тышкы саясатында Батышка ыктап турат. 10-августта Украина Грузияга өзүнүн тышкы иштер министри Володимир Огрызкону жиберди.

Украин өкмөтү дагы, министр Огрызко дагы Орусияны сындаган билдирүүлөрдү жасашкан жок. Бирок Огрызко Орусиянын Кавказдагы аскер өнөктүгү үчүн Украинанын Кара деңиздеги портун колдонуп жатышына каршы экендигин Тбилисидеги иш сапары учурунда билдирди.

- Биздин адистер жаңы тастыктаган маалымат боюнча, Орусиянын Кара деңиз флотунун бир нече аскер-деңиз кемелери Севастополдон чыкты. Алар Грузиянын аймагына кирди же кирүү үчүн багыт алып келе жатышат. Эгерде бул маалымат тастыкталса, биз бул кемелердин Украинанын аймагында болуу шарттарын кайрадан карап чыгууга тийиш элек.

КМШга кирген өлкөлөрдүн ичинен Грузия менен Түштүк Осетия ортосундагы аскер жаңжалы тууралуу жалгыз гана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өз пикирин билдирди. Казакстан КМШ аймагында Москванын эң ишенимдүү өнөктүшү деп эсептелинип келет.

8-августта Грузия менен Түштүк Осетияда аскер жаңжалы башталганда Нурсултан Назарбаев Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен бирге Бээжиндеги Олимпиадалык оюндардын ачылыш салтанатына катышып жаткан эле. Путин менен кыска мөөнөттүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Назарбаев Грузиянын Түштүк Осетияга куралдуу күчтөрүнүнүн жиберүүсүн сынга алып, тараптарды ортодо түзүлгөн кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөдү.

Грузиянын коңшусу Армения болсо Кавказдагы кырдаалга олуттуу тынчсыздануусун билдирди. Армениянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Тигран Бадалян өкмөттүн Түштүк Осетия боюнча көз карашы боюнча билдирүү жасады:

- Армения Түштүк Осетиядагы кырдаалга тынчсызданууда жана тараптар чукул арада коңшу өлкөдө туруктуулук жана бейпилдик орнотуу үчүн талаштуу маселени тез арада тынчтык жолу менен чечерине үмүт артат. Армениянын Грузиядагы элчилиги жана Армениянын Батумидеги башкы консулдугу 24 саат бою иштеп, Грузиянын борбордук жана жергиликтүү бийлиги менен байланышып турат. Эгерде Грузиянын аймагында жүргөн Армениянын атуулдары өлкөдөн чыгууну кааласа, биздин элчиликтен жана башкы консулдуктан жардам ала алышат.

КМШ өлкөлөрү орус-грузин чатагына карата мамилесин билдирүү үчүн оор тандоонун алдында турушат. КМШга кирген өлкөлөр Советтер биримдигине жана Орус империясына өз каалоосу менен кирген эмес. Андыктан 1991-жылы көз каранды эместикке ээ болгонуна абдан кубанышкан.

Ошого карабастан бул өлкөлөрдүн көбү соода жана коопсуздук маселелеринде расмий Москвадан көз каранды болуп келет. Андыктан Орусия Түштүк Осетиядагы атуулдарынын коопсуздугу үчүн Грузия менен жаңжалга аралашкан деп Кремлди акташат.

Мэтью Клеменцтин пикирин уксак:

- Путин бийликте болгон жылдары акырындап Орусиянын кубатын экономиканын өсүшү аркылуу чыңдаганына күбө болдук. Ошондой эле Кремль мурдагы советтик өлкөлөрдө өзүнүн таасирин сактап калуу аракетинде бул өлкөлөрдүн ички иштерине аралашууга умтулуп жатканы байкалат. Ошондуктан Орусия “өзүнүн таасири астындагы короо” катары каралган аймактарды колунан чыгарбас үчүн ал аймактардагы куралдуу жаңжалдарга аралашкысы келет.

КМШнын учурдагы төрагасы катары Кыргызстан шериктештикке кирген эки өлкө ортосундагы жаңжалды талкуулоо үчүн чукул сүйлөшүүлөрдү чакыра алат. Бирок жогоруда айтылган себептерден улам, мындай сүйлөшүүлөр тек гана тараптарды согуш аракетин токтотуп, сүйлөшүүлөргө келүүгө чакыруу менен гана чектелээри чындыкка жакын.
XS
SM
MD
LG