Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Польша, Украина жана Балтика боюндагы үч өлкөнүн лидерлери Грузияга барышат


Польша, Украина жана Балтика боюндагы үч өлкөнүн лидерлери Грузиянын борбору Тбилисиге иш сапары менен бармакчы. Литванын президенттик администрациясынын маалыматына караганда, өлкө башчысы Валдас Адамкус, Украинанын лидери Виктор Ющенко, Латвия жана Эстониянын премьер-министрлери же алардын өкүлдөрү бүгүн Тбилисиге жол тартат. Президенттин администрациясы тараткан билдирүүдө, лидерлер Грузияга, анын мыйзам чегинде шайланган президенти Михаил Саакашвилиге колдоосун билдиришмекчи.

XS
SM
MD
LG