Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Ооганстан: НАТО күчтөрүнүн абадан жасаган чабуулунан 10дон ашуун адам набыт болду


Ооганстанда НАТО күчтөрү Кубалга жакын жерде абадан жасалган чабуулдан 10дон ашуун жайкын тургундар набыт болгон деген маалыматты четке кагышты. Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Каписа вилайетинде абадан чабуулдан козголоңчулар өлтүрүлгөн. Жергиликтүү аткаминерлер болсо 12 карапайым тургундар набыт болгонун, дагы 18 адам жаракат алганын айтышууда. Ооган президенти Хамид Карзай бул окуяны иликтеп чыгуу тапшырмасын берди. Карзай эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн аскердик операциялары учурунда карапайым эл арасында курмандыктардын көбөйүп жатышына нааразылыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG