Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

КАВКАЗДАГЫ СОГУШТАН КИЙИН “МАНАС” АСКЕРИЙ БАЗАСЫНЫН МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛӨБҮ?


Түштүк Осетиядагы кырдаал кыргызстандык саясатчылардын да көз кырында турат. Кавказдагы согуш отунун тутанышына негизги себеп Грузия менен Орусиянын ортосундагы бир топтон бери айыгышып келе жаткан мамиле болду деген пикирлер айтыла баштады. Айрым саясат талдоочулар бул кырчылдашка Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун (ЖККУ) аскерлери да тартылышы ыктымал деген пикирлерин билдиришсе, кээ бирлери Грузия -Түштүк Осетия чатагынын алкагында Кыргызстандан АКШнын “Манас” аскерий аба базасын чыгаруу тууралуу сунуштар болушу ыктымал деген ойлорун айтышууда.

Түштүк Осетиядагы кырдаалга КМШ мамлекеттеринин көпчүлүгү өз пикирлерин билдирди. Кечээ Кыргызстандын мамлекет башчысы Курманбек Бакиев “грузин-түштүк осетин маселеси саясий өңүттө гана реалдуу чечилет”, - деген пикирин билдирген. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ислам Рыскулов кабарлады:

-Мамлекет башчы Курманбек Бакиев Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине атайын тапшырма берип, Түштүк Осетиядагы кырдаал боюнча КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматтары менен тез арада кеңешме өткөрүүнү тапшырды.

Айрым байкоочулар Түштүк Осетиядагы кырчылдашка Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун аскерлери да тартылышы ыктымал деген пикирлерин айтышууда. Белгилүү болгондой ЖККУга Грузия мүчө эмес. Ал эми ЖККУ уставы боюнча ага мүчө мамлекеттер уюмга жардам сурап кайрылууга укугу бар, мындай учурда аталган уюм жардам берет. Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов Орусия ЖККУга жардам сурап кайрылбаса деле керек деген пикирде. Анын оюу боюнча Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү катары Орусияны колдоого алууга тийиш:

-Орусияга окшогон чоң өлкөлөр мындайга барбайт деп ойлойм. Бирок мүчөлөр өздөрүнүн сунушун киргизип, жардамын сунуштаса болот.

Грузия –Түштүк Осетия чатагына Орусиянын кийлигишүүсүн АКШ башынан эле сынга алганы белгилүү. Буга байланыштуу айрым саясат талдоочулар Орусия тараптан Кыргызстанга АКШ жетекчилик кылган коалициялык күчтөрдүн аскерий “Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу сунуштар болушу ыктымалдыгы айтыла баштады. Мындай сунуш жакында Дүйшөмбү шаарында өтө турган ШКУнун саммити учурунда же андан кийин сентябрь айында Бишкекте өтүүчү КМШ мамлекеттеринин саммити учурунда коюлуусу мүмкүн. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев эгер мындай сунуш болсо, Кыргызстан аны кабыл алууга тийиш деп эсептейт:

-Орусия КМШ мамлекеттери келечектеги багытын кайрадан карап чыгууга тийиш деп айтылап эле келатпайбы. Демек бул шарт жакында саммит учурунда коюлуп, талкууланышы мүмкүн. ОДКБ тургандан кийин АКШнын базасынын кереги жок.

АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн “Манас” аскерий аба базасы Кытай менен Орусияга ыңгайсыздык түзгөнү менен, жалгыз Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Борбор Азия үчүн мааниси чоң деген пикирлер да бар. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун айтуусунда ЖККУ жалгыз өзү эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө жана баңзат көйгөйүн чечүүдө алсыздык кылат:

-“Манас” аскердик аба базасы Ооганстандагы абалга байланыштуу алып келинген. Ооганстандын маселеси болсо түздөн-түз Кыргызстан үчүн эмес, жалпы Борбор Азия үчүн таасир этет. Керек болсо анын таасири ошол эле Орусия менен Кытайга да тийип калуусу ыктымал, ыктымал эле эмес, учурунда ошондой эле болгон. Уйгур сепаратисттеринин Ооганстанда даярдалуусу, Ооганстандагы баңзаттын Орусия үчүн коркунучу чоң.

Коомдук жана саямий ишмер, эл аралык иштер боюнча адис Ишенбай Абдыразаков Кыргызстан өз коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тең салмактуу саясат жүргүзүүсү зарыл деген пикирде:

-Биз батыштан кол жууп калсак, орустар анын ордуна бизге жардам бере албаса, биз таптакыр эле өзүбүзчө жалгыз калабыз. Ошондуктан, бул жерде салмактанган саясат болушу керек.

Белгилүү болгондой, кыргыз бийлиги эл аралык күчтөрдүн аскердик “Манас” аба базасы Ооганстандагы кырдаал жөнгө салынмайынча өлкөнүн аймагында турат деп билдирген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG