Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Прага Грузия менен Түштүк Осетия ортосунда cогуш уланып, жалпы эле жаңжалдын очогуна айланып бара жаткан Кавказдагы абал курчуп баратканы кабарланууда. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине быйыл төрагалык кылган Кыргызстан мындай курч кырдаалда кандай саясат жүргүзүүсү керек? Ушул суроолордун тегерегинде “Азаттыкттын” түз обосунда саясатчы Өмүрбек Абдырахманов ой бөлүшкөн.

“Азаттык”: - Сизге дагы маалым болсо керек, ушул учурда КМШнын мамлекет башчылар кеңешинин төрагалык кызматы Кыргызстанга таандык. Сиздин оюнузча кыргыз бийлигинин КМШнын башка өлкөлөрү менен катар Түштүк Осетиядагы жаңжалды токтотуу аракетинен майнап чыгабы?

Ө. Абдырахманов: Майнап чыгабы, чыкпайбы билбейм. Бирок биздин мамлекеттин жетекчилери менин оюмча, туура багыт алгандай көрүнүп атат. Анткени эч кимисин жактабай, эч кимисин мактабай, ушул согуш болгонуна гана тынчсызданып атабыз деген сөзү - бул эң туура нерсе. Анткени, биз - Кыргызстан өтө кичинекей мамлекетпиз. Биздин сөзүбүздү эч ким укпайт. Алар - чоң мамлекеттер өз билгенин кылат. Ошон үчүн биз эки жагына асылбай, ортодо эле турганыбыз дурус болот.

“Азаттык”: - Эмне үчүн Кыргызстандагы оппозициялык саясий партиялар жана кыймылдар бул согушка карата өз көз карашын билдирбей жатат?

Ө. Абдырахманов: Алар билдирүүдө, жакында эле Жекшенкулов орустардын бул кылганы эң туура дегендей кылып айтты. Менин оюмча бул эң туура эмес. Анткени 1992-жылы Түштүк Осетияда чыр башталганда жалгыз гана Орусия эмес КМШ өлкөлөрүнүн баары ошол жерде ортомчулук - тынчтык жаратуучу күч катары болгон. Бирок андан кийин Орусия эч кандай тынчтык жаратуучулук кыла алган жок. Анын ордуна осетиндерге орусиялык жарандыкты берип, аларга согуштук куралдар жагынан колдоо көрсөтүп, пенсия, экономикалык жардам кылып, өзүнө ыктаттырып, кошуп алууга даярдап келген. Бул эч кандай жашыруун эмес.

Андан кийин Орусия КМШнын мүчөсү болгондон кийин Грузияга кол салуу тууралуу формалдуу болсо да уюмдун ичинде маалымдап коюусу керек эле. Жок, эч кимди карабай туруп, согушка уруп кирип барганы көз көрүнө көрүнүп турат. Бул кичинекей Грузия мамлекети үчүн болгон агрессия деп эсептелинет. Анткени мунун себептери бар. Биринчи, Абхазия менен Түштүк Осетияны Орусия өзүнө кошуп алышы керек. Экинчи себеби, Орусия КМШнын ичине демократияны жолоткусу келбейт. Өзүңөр билесиңер, Украинаны да кандай коркутуп-үркүтүп жатат. Бирок Украинага күчү жетпейт экен, ал 50 млн. калкы бар чоң мамлекет. Ал эми кымындай болгон Грузияны баса калып отурат.

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG