Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

Москва менен Тбилиси согушту токтотуу боюнча Евробиримдик сунуштаган тынчтык планын кабыл алды


Орусиянын жана Грузиянын президенттери Франциянын президенти Никола Саркози менен сүйлөшүүдөн кийин ок атышууну токтотуп, кырдаалды тынчтык жол жөнгө салуу планына макулдук беришти. Эки тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында иштелип чыккан план боюнча жаңжалдуу аймакта атышуулар токтотулуп, орус жана грузин куралдуу күчтөрү согуш башталганга чейинки ордуларына кайтарылыш керек. Ошондой эле тынчтык планда грузин-осетин жаңжалдуу аймагында Орусиянын бейпилдик күчтөрүн калтыруу жана Абхазия менен Түштүк Осетиянын коопсуздугу жөнүндөгү маселе эл аралык талкууга коюлушу керектиги каралган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG