Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Талкууну уюштурган Мээрим Султангазы, Бишкек “Азаттыктын” тегерек үстөл талкуусу Грузия менен Орусиянын ортосундагы куралдуу жаңжал, анын кесепеттери жана бул чатакты жөнгө салуу аракеттерине арналды. Талкууга «Дин, коопсуздук жана саясат» уюмунун жетекчиси, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, эл аралык мамилелер боюнча эксперт Аскарбек Мамбеталиев жана Кыргызстандын коммунисттер партиясынын төрайымы Клара Ажыбекова катышты.

“Азаттык”: - Кавказдагы согуш отунун тутанышына Грузия менен Орусиянын ортосундагы бир топтон берки тирешүүлөр себепкер болду деген пикирлер айтылып жатат. Бул чатакты КМШнын алкагында жөнгө салуу мүмкүнбү?

О.Молдалиев: - Бул- Советтер Союзу тарагандан тартып Орусия менен Грузиянын ортосунда башталган чатак деп айтууга болот. Советтер Союзу менен Грузиянын мамилелери буга чейин деле анча жылуу эмес болчу. Брежнев Конституцияны кабыл алып жаткан кезде, Грузияда аябай чоң митингдер болуп, Тбилисиде студенттер “грузин тили - мамлекеттик тил болсун деп Конституцияда жазылысын”- деген талап коюп жатышып, ошого жетишкен. Грузиндердин улуттук духу күчтүү келет. Империялардын тарыхына келсек, алар тараганда ушундай окуялар болуп келген. КМШда тилекке каршы маданияттуу түрдө тарап кетүү деп айтылганы менен анын механизмдери жок. Ушундай чатактарды жөнгө салуунун, аны болтурбоонун механизмедри иштелип чыккан эмес.

Бул чатактын башталганына көп болду. Абхазия, Түштүк Осетия, Ажария, Молдованын тегерегиндеги Преднестров чыр-чатактары мисал. Ушундай саясаттын негизинде ГУАМ (Грузия,Украина, Азербайжан,Молдова - авт.) келип чыкпадыбы. Бул мамлекеттер Батыштын саясатын карап, ал тараптан өз коопсуздугуна жардам болор бекен деген ниетте, Орусияга салкын мамиледеги уюм түзүп жатышпайбы. Бул аргасыз болгон уюм деп эсептейм. Кыргызстанга карата да бир топ пикирлер айтылып жатат. Кыргызстан – КМШга төрагалык кылып туруп, кийлигишпей койду деген мааниде. Мен Кыргызстан бул жаңжал башталаары менен кийлигиши керек болчу деп ойлойм.

“Азаттык”: - Кыргызстандын позициясы тууралуу кийинчирээк кеңири талкууламакчыбыз. Ал эми азыр Клара айымдын пикирин билсек. Бул чатактын КМШнын алкагында чечилишине кандай көз караштасыз, ал мүмкүнбү?

К.Ажыбекова: - Биринчиден мен Орозбек Молдалиевге да айткым келет. Советтер Союзунун башындагылар Горбачев, Ельцин , ошол эле Шеварнадзе Советтер Союзун сатып жиберишпедиби. Саткандан кийин Америка жеңип, Ельцин баш болуп бардыгына суверендүүлүктү берди да. Ошондо Чечня өз алдынча бөлүнгүсү келген. Американын аябай суук, кандуу колу Кыргызстанда да өткөн. Ош окуясын алып карасак. Тоолуу Карабах, Югославия, мына Иракты эки Буш кандуу жол менен көзөмөлгө алды. Ооганстан эмне болуп жатат?

Кечээки трагедиялуу окуяны алып карасак, Грузия Америкага жамынып алып, Саакашвили АКШга сатылып, өз элине каршы чыкты. Бир тууган элдерди ушинтип кырып салды. Бул саясатка карата мурунку Советтер Союузунун аймагындагы мамлекеттер азыр биригип туруп, чараларды көрүүсү зарыл. АКШ өзүнүн колу менен эмес, башка мамлекеттердин колу менен бири- бирибизди араздаштырып жатат.

А. Мамбеталиев: - КМШ аймактык институт катары анча пайдалуу болбой калды деп эсептейм. Кечээ Грузиянын президенти М. Саакашвили КМШдан чыгып жатканын билдирди. Ошондой эле өз кеңешин башка мамлекеттерге да айтты. Американын бир президенти айткандай, кайсы бир өлкө көпкө чейин бир аймактык уюмдун курамында турбаш керек, анткени, ошол уюмдун кызыкчылыктарына баш ийип калат. Ошол сыяктуу эле, КМШда деле тең салмактуу саясат жок деп ойлойм. Бул уюмду түзгөн “улуулар” бар, кийинчерээк мүчө болгон “инилер” бар, андыктан КМШ бузулат деп пикирдемин. Ошондуктан бул уюм – Кавказдагы чатакка таасирин тийгизээри күмөндүү.

“Азаттык”: - Жогоруда айтылгандай, кечээ Грузия КМШдан чыга турганын расмий жарыялады. Бул Грузиянын өзүнө, башка КМШ мүчөлөрүнө кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

О.Молдалиев: - Грузия КМШдан чыгабыз деп былтыр да айткан. Бул маселе парламентте да каралып, азырынча КМШнын курамында кала туралы деген чечимге келген болчу. Алардын Абхазиядагы, Түштүк Осетиядагы чатактарды КМШнын алкагында туруп чечсек деген ойлору болгон. Азыр Орусия жаңы саясат баштап, Д. Медведев президент болгону КМШнын иштери боюнча өзүнчө структура түзүп жатат. Булар кеч болсо да КМШны сактап калуу аракетин көрүп жатышат. Орусиянын буга каржылык мүмкүнчүлүктөрү деле бар. Аскарбек мырза туура айтып жатат, “баарыбыз теңбиз” дегени менен теңдин ичинде теңирээкетери да болот.

Система түзүүчү фактор болушу керек, муну эл аралык мамилелерде эч ким тана албайт. Бирок Орусия ошол ролун аткарбай жатат. Ушундай чатактарды көргөн башка мамлекеттер да ойлойт да, бул мамилелер эл аралык укуктун алкагында чечилбесе, биздин анда КМШда мүчө болуунун кажети жок деп. Мына Молдова турат, Украина чыкканы жатат. Бара- бара КМШда Борбор Азия менен Орусия эле калып калышы мүмкүн.

“Азаттык”: - Клара айым, Грузия КМШдан чыгуу менен эмне максатты көздөп жатат. Анын кесепеттери кандай болот деп ойлойсуз?

К.Ажыбекова: - Грузия Америка берген тапшырманы аткарып жатат. Грузия АКШнын жанында жашаган жери жок да, ал КМШнын ичинде жашап жатат. Мына 20 жылдай болуп калды, барыбыз бөлүнүп алып, укумуштуудай сонунбуз, өүбүзчө бөлүнсөк жыргайбыз деп кыйкырып чыгышкан. Бирок бүгүнкү күндө бир да мамлекет өзү бардык жаратылыш ресурстарын камтый албайт экен да. Ошондуктан бул итеграция объективдүү нерсе. КМШ турмуштун талабынын негизинде келип чыккан. Ошону үчүн анын перспективдүү келечеги бар. КМШнын эл үчүн иштей турган иштери көп, бизди Америка бакпайт. Океандын артында турган Америка бизге бомба, курал, аскерий база алып келиши мүмкүн. Америка талкалаган мамлекеттер, Эл аралык валюта кору аркылуу биздин экономика эмне болуп жатат. КМШ эч качан бузулбайт. Кетчүлөрү кетет, бирок айласыздан кайра келет.

“Азаттык”: - Аскарбек мырза, Грузиянын КМШдан чыгуу демилгесине кандай көз караштасыз?

А.Мамбеталиев: - Албетте, бул Грузиянын элинин өзүнүн эрки. Жогоруда белгиленгедей, Грузия элинин улуттук духу күчтүү келет. Мен буга суктануу менен карайм. Анткени ушунчалык дүйнөнү эзген теңсиз алкакта жашагандан көрө -өз алдынча бөлүнүп кетүүнү алардын эли түшүнүп чыгып жатат. Бизде болсо андай аң сезим жок болуп жатпайбы. Клара айымдын айтканына болсо берээр жообум мындай –силерди каржылаган органдар Кыргызстандан эмес да. Башка жактан келет болуш керек...

“Азаттык”: - Грузиянын КМШдан чыгышынын кесепеттери кандай болот деп ойлойсуз?

А. Мамбеталиев: - Эч кандай деле кесепеттери болбойт болуш керек. Анткени бул табигый көрүнүш. Эгерде Орусия өзүнүн илгерки тактикасын колдонуп, башка мамлекеттерге өйдө карай берсе КМШдан Борбор Азия мамлекеттери деле чыгышы мүмкүн. Орусиянын ичиндеги көптөгөн башка элдердин улуттук сезими ойгонуп, алар да федерациянын курамынан чыгып, Орусия дагы кичирейиши мүмкүн.

“Азаттык”: - Түштүк Осетия чатагынын алкагында Кыргзыстандан АКШнын «Манас» аскерий аба базасын чыгаруу тууралуу сунуштардын түшүшү канчалык мүмкүн?

О.Молдалиев: - Бул тууралуу сунуштар түшүп жатат. Коммунистердин дагы бир партиясынын жетекчиси жакында ушул күзүндө бул маселени официалдуу деңгээлде көтөрөбүз деген билдирүүсүн билдирди. Бул канчалык официалдуу экендиги азырынча белгисиз. Бирок ушундай пикирлер айтылып жатат. Бул жерде базага асыла бергендин артында башка мамлекетердин үгүттөрү жатат деген Аскарбек мырзанын айткан пикирине кошулса болот. Биз муну кандай карашыбыз керек?

Адегенде өзүбүздүн саясатыбызды, улуттун кызыкчылыгыбызды карап туруп анан жүргүзүшүбүз керек. Баланчага жакпай калышыбыз мүмкүн деп жасаган туура эмес болот. База келгени бизге зыян болдубу, базанын турганы бизге эмне берип жатат жана базанын келечеги кандай болот деген үч позициядан карашыбыз керек. Муну парламент чечкен, өкмөтүбүздүн жежетекчилери дагы чечкен. Жакында Тышкы иштер министри Эднан Карабаев «Бул база бизге керек, бул базанын турганы - Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына жооп берет» деген официалдуу пикирин биз тана албайбыз.

Мыйзамга баш ийген, мыйзамдуу мамлекет куралы деп жаткандан кийин албетте, пикирибизди айтканга мүмкүнчүлүктөр бар. Ага эч ким тыюу салбайт. Бирок болбогон жерден эле коомчулуктун душманын издей берген туура эмес болот. Өзүбүз бир нерсени жасап алып, муну Америка кылды, муну Орусия кылды дей бергенде эмне? Өзүбүздун да ойлоно турган маселелер бар да. Сырттан душманды издеген бул туура эмес саясат. «Америка бизди карыздарга кириптер кылып салды, Эл аралык валюта фонду» - деп Клара Ажыбекова айтып жатпайбы, бул карыздарды өзүбүз сурап алдык да, кредит алалы деп. Анан анын баары ар кандай максаттар менен тескери жакка жумшалып кетсе, Американын кандай күнөөсү бар деген суроо келип чыгат. Мунун жакшы жолу бар.

«Кыргызыстандын аймагындагы аскерий базалардын жана чет мамлекетердин аскерлеринин жайгаштырылышы жөнүндө» деген мыйзам кабыл алыш керек. Анда кандай учурда база Кыргызстанга келиш керек, ким чечиш керек, анын үстөмдүк пайыздары канча болуш керек деген маселелер камтылыш керек. Мына жакында Кантта дагы чатак чыкты. Аягында биздин МАИ кызматкерлери күнөлүү эмес деген жыйынтык чыкты. Эгер мыйзам болсо, мындай чатактар болмок эмес.

К. Ажыбекова: - Мен Орозбек мырзанын жана биздин министрибиздин позициясын жакшы билем. Эгерде Американын анча-мынча берген гранттарына сугарылып калсак эле - аскерий база, Америка талкалай берсинби? Ооганстанды талкалай берсин. Бизин элибизди, бүт жерибизди, жакшынакай кооз эс алуу жерлерине керосин менен куя берсин, Кытай менен уруштурсун деп. Ушуга биз макул болуп эле өзүбүздүн жеке менчик кызыкчылыгыбызды көздөп, анан Түштүк Осетияда Грузия Американын жетекчилери менен олимпиаданын ачылган күнү бүт дүйнө жүзүнө маалым кылып согуш баштап, адамдарды кырып салганга да бейкапар, эч нерсе болбогондой мамиле кылалыбы? Американы жактап, Грузияны жактап сүйлөгөнүңөргө мен ушунчалык ичимен капамын. Бир адамга, өзүнүн өлкөсүнө, мекенине, элине жана башка адамга кенедей болсо да боорукерлик деген жоголгон экен. Биз Американын акчаларына, гранттарына сугарылган экенбиз. Орозбек Молдолиевдин позициясы - бул Американын кулчулук мамилеси. Америка бүт дүйнө жүзүн талкалап жатат.

“Азаттык”: - Эми Кыргызстандын позициясы кандай болуш керектиги туралуу сөз кылсак. Кечээ Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан бул чатак тынчтык жолу менен чечүү керек деген нейтралдуу позицияда экендигин билдирди. Бул коомчулукта ар кыл карама-каршы пикирлерди жараттты. Аскарбек мырза, сиздин оюңуз боюнча Кыргызстандын ушундай нейтралдуу позицияны кармап турушу туурабы?

А.Мамбеталиев: - Азыр Кыргызстанды чагымга тартып жатышат. Өзүбүздүн туугандарыбыз эле бир нерсе айтпайсыңбы деп. Өздөрү “Улуу агага” каршы сүйлөгүсү келбей турат. Алар өздөрү чыгып, позициясын билдирбей биз аркылуу, бизди айттыртып, жаман көрүнсө ушулар жаман көрүнсүн деген мамиле кылып жатышат. Президент Бакиевдин да айласы кетип, азыр Ысык-Көлдө Назарбаев менен жолугуп жүрөт. Мен мындай кеңеш берээр элем.

ЖККУнун төрагасы катары Фасилитатор (ортомчу -авт) болуп, демократиялык жол менен башка мамлекеттердин баарынын пикирин чогултуп, добуш бердиртип туруп, чечим чыгаруу керек. Анан фасилитатор катары ошол коллективдүү кабыл алынган чечимди билдирип койсо болот. Эгерде баштагыдай эле бир жактуу болуп, эски салт боюнча Орусияны ээрчип, же маалымат каражаттарынын пропагандасынын негизинде пикирин айтып койсо, анда бизге жакшы аброй алып келбейт.

Американыкын дагы, Орусияныкын дагы, Коммунисттердин дагы көз карашын айтпаш керек. Кыргызстандын өз көз карашын билдирүү керек. Коммунисттик террордон биз жадап бүткөнбүз, алардын баары бизге тааныш. Биз америкалык, батыштык да, орусиялык дагы болбошубуз керек. Биз кыргызстандык болушубуз керек.

“Азаттык”: - Орозбек мырза, Кыргызстандын нейтралдуу позицияда болушуна кандай көз караштасыз?

О.Молдалиев: - Кыргызстан нейтралдуу позицияны кармап турууга аргасыз. Себеби дегенде, Кыргызстанда мындай чатактарды чече турган механизм жок. Бирок мындай кырдаал
болуп турга кезде Кыргызстан өзүнүн бир позициясын айтыш керек. Жарандык эрк болуш керек. Ушул жерде же Орусияны туура эмес, же Грузияны туура эмес деген өз поициясын билдирүүсү керек. Б. Бхуттонун бир айткан сөзү бар -«саясатчылардын бейтарапсыздыгынын айынан Ооганстандагы кырдаал ушуга келип жетти” деп, андыктан Кыргызстанда өз позициясы болуш керек.

“Азаттык”: - Клара айым, сиз дагы ушул маселе боюнча мамилеңизди билдирип кетсеңиз?

К. Ажыбекова: -Биздин министрликтин позициясы орусча айткандай “беззубая” позиция. Жок дегенде ушунча элди кырып жатканда, кырган тарапты туура эмес деп бир сөз айтып коюш керек эле да. Бул туура эмес позиция. Мен Саакашвилиге телеграмма жөнөттүм. Сиз өзүңүздүн элиңизди сатып жибердиңиз, баарын кырдыңыз, сиз такта отурганга акыңыз жок деп жазып жөнөттүм.

“Азаттык”: - Маегиңиздерге рахмат.
XS
SM
MD
LG