Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

ОРУСИЯ ЭМНЕ ҮЧҮН ГРУЗИЯДАГЫ СОГУШ АРАКЕТТЕРИН ТОКТОТТУ?


Жаңыл Жусубжан , Прага Орусия президенти Медведев кечээ орус аскерлери Грузиядагы согуштук операциясын токтотуп жаткандыгын жарыялады. Бул жарыя көпчүлүктү таң калтырды. Себеби буга чейин oрус армиясы Тбилисини курчап, Грузияда мамлекет башчылыгына өз кишисин отургузат го деген божомолдор айтылып жаткан.

Орус аскерлери Тбилисини көздөй бет алганда, грузиндер ар нерсеге даяр болуп калган. Президент Саакашвили Грузиянын басымдуу бөлүгү орустардын колунда экендигин жарыялаган. Анан эле, күтүлбөгөн жерден орус президенти Дмитрий Медведев беш күндүк согушту бүттү деп жарыялады:

- Грузин бийликтерин элдешүүгө мажбурлоону көздөгөн согуш операциясын токтотууну чечтим. Операциянын максаттары жетишилди. Биздин тынчтык аскерлердин жана карапайым адамдардын коопсуздугу калыбына келтирилди. Баскынчы тарап жазасын алды, ал көп жоготууга дуушар болду. Анын куралдуу күчтөрү баш-аягын таппай калды.

Орусиянын Грузиядагы куралдуу операциясын күтүлбөгөн жерден токтотушу бир катар суроолорду жаратууда. Дүйшөмбү күнү эле орус армиясы Тбилисини көздөй жүрүшүн улантат делип жаткан. Бул чын беле? Эгер чын болсо, ал жүрүш эмне үчүн токтоп калды?

"Азаттык" менен маегинде Тбилисидеги Стратегиялык жана Эл аралык изилдөөлөр корунун президенти Александр Рондели билдиргендей, Орусиянын башкы максаттарынын бири Грузияда бийликти алмаштыруу болгон, бирок мунун дипломатиялык жана саясий кесепеттерин салмактап көргөндөн кийин Москва ушуну менен чектелүүнү чечти:

- Менимче, Батыштын, айрыкча Американын кысымы менен орустар өтө аша чаап кеткендигин түшүнүштү. Франциянын президенти Николя Саркози да бир топ кысым көрсөттү. Эл аралык коомчулуктун мындай нааразылыгы орустарды токтогонго мажбурлады. Болбосо алар президент Саакашвилини кулатып, Тбилисини курчоону көздөшкөн. Бул - алардын эң башкы максаты болгон. Ошол эле мезгилде орустардын эң аз дегендеги көздөгөнү кырдаалдан абийирин төкпөй чыгуу эле, дал ушул абийирин сактап калыш үчүн, операциянын максаттары жетишилди деп жатышат.

Орусиянын тышкы иштер министри Тбилисиде бийликти алмаштырууну көздөбөгөндүгүн айтууда, бирок кечээ Москвада Финляндиянын тышкы иштер министри, учурда ЕККУ жетектеген Александер Стубб менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда Лавров Орусия грузин президентинин бийликтен кетишин кааларын мындайча моюнга алды:

- Биз согуштук операциянын азыркы баскычында муну ок атышууну токтотуунун шарты деген жокпуз. Бирок АКШнын жетекчилери эске алып коюшсун, Саакашвили мындан ары бизге шерик боло албайт, анын бийликтен кеткени туура болот.

Бирок башка байкоочулар Москва эч качан Тбилисини басып алууну максат кылган эмес деп эсептешет. Сергей Маркедонов – Москвадагы Саясий жана Аскерий Аналитика Институтунун изилдөөчүсү:

- Орус аскерлеринин Тбилисиге барышына эч кандай негиз жок. Орус армиясы ал жакка эмнеге барат эле? Грузияны басып алыш үчүнбү? Бул даана кеңкелестик болмок, себеби грузиндер Орусияга каршы маанайда. Мындай болгон күндө, Орусия узак убакытка баш ооруга туш болмок. Мунун ага кереги жок.

Грузин жетекчилери президент Медведевдин жарыясынан кийин да орус армиясы өлкөнүн чыгышындагы айрым шаарларды бомбалаганын эскертишүүдө. Бул ырастоону «Азаттыктын» ал аймактагы кабарчысы да бышыктады.

Батыш Москванын согуш аракеттерин токтотушуна жогору баа бериш жатат. Ошол эле убакта НАТОнун жетекчиси Яап де Хооп Схеффер бул кадам жетишсиз экендигин белгилеп, тараптарды аскерлерин 6-августта башталган согуш аракеттерине чейинки позицияларына кайтарууга чакырды. Ал ошондой эле Грузияны НАТОнун досу жана сыйлуу шериги деп мүнөздөп, өлкө НАТОго кирүүгө талапкер бойдон кала берип жаткандыгын бышыктады.

XS
SM
MD
LG