Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28
“Борбор Азия” маалымат агенттиги “Международное отношение” басмасынан жарык көргөн Осмонакун Ибраимовдун “Испытание историей” аттуу жаңы китеби Манас, Манас делгени менен Чыңгыз Айтматов жана Аскар Акаев жөнүндө жазылганын, Айтматов кыргыз элинин руханий дөөлөтү болсо, Аскар Акаев кыргыз элинин саясый турмушундагы көрүнүктүү инсан катары окуп-үйрөнүүчү адам катары тарыхта кала берери тууралуу баяндалганын белгиледи. Бет ачары Маскөөдө өткөн китеп аземинде сөз алган академик Аскар Акаев өзү иштеп тургандагы жетишкендиктерди апыртпаганда дагы Кыргызстанда болуп өткөн март окуясын жер титирөөгө салыштыраарын, большевиктер сыяктуу эле мамлекеттик төңкөрүш жолу менен бийликке келгендер өлкөнүн ал курган пайдубалын бузуп талкалаганын, талакалап эле тим болбой аны кургандарды жаманатты кылгандан да тартынбаганын, китеп мына ушуларды ынанымдуу баяндап бергенин кеп кылды. Бет ачарга катышкан “Саясый технологиялар борборунун” орунбасар жетекчиси Сергей Михеев 1-ден “мандалак революциясына” чейин Кыргызстан анча-мынча болсо да демократиялуу өлкө болгонун, 2-ден бийлик легитимсиз жол менен алмашканын, 3-дөн ушундай жолго түшүүгө сырткы күчтөрдүн көмөгү чоң тийгенин, 4-дөн революциядан кийинки Кыргызстандын турмушу кыйындаганын айтты деди “Немис толкуну” булагына шилтеме кылган “Борбор Азия” маалымат агенттиги.

Бул аземде Кыргызстандын келечегине божомол айткандардын көз караштары да бирдей болбоду. Маселен О. Ибраимов жаңы келе турган бийлик мамлекетке жана элге бир топ күйүмдүү болорун болжосо, Аскар Акаев акыркы айлардагы жымжырттыкты бороон болор алдындагы жымжырттыкка салыштырарын, мурдунан алысты көралбаган, дармансыз саясатчылардын айынан азык-түлүк жана энергетикалык кризис каптаганын, калк эң эле керектүү нан, жарык, алтургай сууга жетпей калганын, эларалык эксперттердин эсеби боюнча жакырлардын саны эки эсеге өскөнүн, бирок Кыргызстанда жаңы көңтөрүш жасай тургандай шарт боло электигин, анткени бүгүнкү бийликке теңтайлаша тургандай күч жоктугун, ошондуктан Кыргызстандын саясый турмушуна аралашууну кааалабастыгын айтты деп жазды.

“24.kg” маалымат агенттиги Кыргызстандын сот аткаруучусу президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганына 1 млн. сомду өз эрки менен төлөп берүүгө “Де факто” гезитине 10 күндүк мөөнөт берилди деп маалымдады. Президенттин жакын тууганына дагы 1 млн. сомду 10 күндүн ичинде төлөп берүүгө сот тарабынан милдеттендирилген чечим чыгып, сот аткаруучу алка-жакадан “Алиби” гезитин да алып жатканын кечээки баяндамыбызда билдирген элек.

“Фергана.ру” маалымат агенттиги бүтүндөй жер шарынын көңүлү Грузиядагы согушка бурулуп жаткан кезде президент И. Каримов жана өзбек маалымат каражаттары үн катып койгонго да жараган жок деп кабарлады. Маселен “Вечерний Ташкент” гезити Владикавказга Орусия МЧСинин самолету жылуу буюмдар менен медикаменттер алынып келгенин кабарлайт да ал эмне максатта алынып барылганын айтпайт, ал эми “Ахборот” тележаңлыктар берүүсү орус телекөрсөтүүсүнүн кабарларын гана тоту куштай кайталоодо, президент И. Каримов болсо окуя кайсыл өңүттү көздөй өнүгөрүн күтүп тымып жатат деп жазып чыкты.

“Кашкар-Торугарт-Анжиян темир жолу курулат дегенден бери 13 жыл өттү. Акыры эксперттер бир бүтүмгө келип, Арпа өрөөнү аркылуу салынып, Кашкар-Торугарт-Өзгөн-Кра-Суу аркылуу өзбек темир жолуна кошулуп, Анжиян аркылуу өтө турган долбооруна токтолгон. Бул темир жол магистралынын узундугу Кыргызстан боюнча 268,4 километрди түзөт” деп маалымдады “Фергана.Ру“ маалымат агенттиги. Темир жол курулса Кргызстанга көп пайда алып келмек. Темир жана көмүр кендерин иштетүүгө кол жетмек. Кра-Кечеден көмүр тартуу жанданмак деп белгилеген агенттик жол курууда 48 туннель жасалып, 12 көпүрө салынарын, Кыргызстандын катаал шартында иштөө үчүн эларалык тендер жарыяланып, бүгүн ага Кытай, Түштүк корей, Америка инвесторлору кызыгып жатканын, ал эми кыргыз ишкерлери анча көлөмдөгү акчалары жогунан көздөрүн кызартып тим болорун кеп кылды. Ошентип темир жол акциясынын 48 пайызы инвесторлорго таандык болсо көзөмөл пакети мамлекетте каларын, эгер акциянын 51 пайызына ээ болгусу келгендер болсо 1 млрд.дан кем эмес акча салышы керектигин, долбоордун жалпы баасы 2 млрд. доллар турарын баяндады.

Бирок айрым саясат талдоочулардын пикиринде кыргыз темир жолунун курулушунун келечегине ишеним арткандар аз. Мисалы Кытай инвесторлук кылгысы келбейт. Инвесторлорду социалдык-экономикалык өнүгүүсү кашаң, экономикалык базасы начар, туруктуулугу жок өлкө кызыктырбайт. Кыргызстандын тышкы саясатын иликтөо борборунун деректири Орозбек Молдалиевдин айтымында алтургай канча жылдан бери согуш болуп аткан Ооганстанда жолдор, майда электр ишканалары курулуп, мектептер салынып атса Кыргызстанды коррупция менен атка минерлердин кабинеттери майкандап жатат. Мындай темир жолдун курулушун айрыкча орустар менен казактар каалабайт. Кааламак турсун курулбай калгай эле деп тилеп, тымызын бут тосуп да келе жатат. анткени Кыргызстан менен Өзбекстандын жүгү чет өлкөлөргө алардын жолдору аркылуу гана өтүшүн каалайт эмеспи деп билдирди.
XS
SM
MD
LG