Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

15:30 14-августта Биринчи Май райондук соту Бектемир Акуновдун уулунун арызын карап баштайт


2007-жылы апрель митингисинде ачкачылык акциясынан кийин Нарын шаарындагы абакта каза болгон Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов атасынын өлүмүнөн кийин тарткан моралдык жана материалдык чыгымдарын Ички иштер министрлиги менен Каржы министрлиги төлөп берсин деп, сотко доо арыз берген. Мындай арыз берүүсүнө анын тартип коргоо орган кызматкерлерин жоопко тартуу өтүнүчү менен берген доо арыздарын караган соттун Бектемир Акунов милиционерлердин өз ишине шалаакылык кылгандыгынан улам өлүүгө мажбур болгон деген чечими негиз берет. Бектемир Акунов ачкачылык акциясынан кийин өзү турган Нарын шаарына кайтып барганда Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери камакка алып, абакка салып койгон жеринен каза болгон. Маркумдун жакындарынын Акуновдун асынып өлүшүнө милиционерлердин токмоктогону түрткү берген деген доо арызын сот караган эмес.(BD)

XS
SM
MD
LG