Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Медеткан Шеримкулов бул маселени аталган өлкөнүн Казвин провинциясынын губернатору Сейед Ахмад Насри менен жолугушууда талкуулады. Элчи анда Жалал-Абад облусунан Иранга жаңгак жана пахта сатып алса боло тургандыгын, ал эми ирандык ишкерлер Кыргызстандын турак-жай,ГЭС, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жайларын курууга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген. Жалал-Абад облусу менен бир туугандык катнашта жүргөн Казвин провинциясынын делегациясы сунушту жеринде иликтөө үчүн Жалал-Абадга келе турган болушту.(BD)