Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий Москванын Грузиянын кайсы бир бөлүгүн басып алуу нийети жок деп билдирди. “Файненшл Таймс” гезитинин жазганына караганда, Лавров Орусия өз атуулдарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Түштүк Осетияда аскердик өнөктүктү баштагын айткан.