Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

К. БЕГАЛИЕВ: КЫРГЫЗ ЭЛИМЕ, ЖЕРИМЕ ЧОҢ БЕЛЕК КЫЛДЫМ


Маектешкен Кабыл Макеш, Бээжин Азиянын чемпиону (2000), грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы чебер, 24 жаштагы Канат Бегалиев бүгүн (13-август) Бээжин Олимпиадасынын күмүш байгесине ээ болду. Кыргыздын сыймыгы, балбан уулу Олимпиаданын сыйлык тапшыруу аземинен соң "Азаттыкка" эксклюзив-маек куруп берди.

“Азаттык”: - Канат мырза, жеңишиң кут болсун! Бээжин олимпиадасынын таймаштары кандай деңгээлде өттү?

К. Бегалиев: - Чоң рахмат! Бээжин олимпиадасы өтө жогорку деңгээлде өтүп жатат деп айтып кетсем болот. Мен катышкан мелдешке дүйнөнүн 20 тандалган спортчулары катышты. Чынын айтсам, бул мелдешти көптөн күткөм, оюмдагыдай болду деп айтсам болмок, бирок мындан да жакшы болмок окшойт.

“Азаттык”: - Биринчи таймашты америкалык балбан менен өткөрдүң. Андан кийин дагы атаандаштарың кандай болду?

К. Бегалиев: - Негизи чынын айтсам, балбандар топ-топ болуп бөлүнөт. Аябай күчтүү Олимпиаданын, Дүйнөнүн, Европанын чемпиондору менен кармаштым. Менин оюмча, мен жеңишке даяр окшойм. Ошондуктан утуп кеттим окшойт.

“Азаттык”: - Килемге төрт жолу чыктың, үчөөндө жеңишке жетиштиң. Атаандаштырыңдын ичинен эң кыйын таймаш ким менен болду?

К. Бегалиев: - Эң кыйын таймаш финалда француз Гуенот Стив менен болду. Жарым финалда болгар Николай Гёргов менен күрөшүү да татаалыраак болду.

“Азаттык”: - Эми алдыдагы пландарың кандай?

К. Бегалиев: - Бир ай эс алам, андан кийин иш план коем го дейм.

“Азаттык”: - Лондон олимпиадасына катышканга дагы аракет кыласыңбы?

К. Бегалиев: - Ага терең ойлоном го дейм.

“Азаттык”: - Ушул ийгиликке жетишкениңе кимдер салым кошту?

К. Бегалиев: - Биринчиден, ата-энеме рахмат айтам. Андан кийин машыктыруучуларым. Алардан сырткары Максим Курманбековичтин кеңешчиси Динарбек Асылбекович абдан чоң салымын кошту. Анткени эл аралык мелдештерге катышууга колдоо көрсөтүп, дары-дармек менен камсыздоо сыяктуу нерселердин бардыгын өзүнүн эсебинен, мамлекеттин эсебинен төлөп берүүгө жардамдашты. Мен үчүн чын дилинен күйүп, өз каражатына ушул жака келип, сүрөөнгө алып жатат. Ошол азаматка чоң ийгилик каалап, ыраазычылыгымды билдирет элем.

“Азаттык”: - Финалдык таймашта сенин эки упайыңды эсепке албай коюшту. Эмне себептен, финалдык таймаш таза өттүбү?

К. Бегалиев: - Финалдык таймашты бардыгыңыздар көрдүңөр. FILA (International Federation of Associated Wrestling Styles – Эл аралык күрөш сүйүүчүлөрдүн федерациясы) президенти Рафаэль Мартиэнетти (Raphael Martienetti) - өзу француз, калганы баарына эле түшүнүктү болуш керек.

“Азаттык”: - Күмүш медаль тагынгандан кийин кандай маанайда болуп турасың?

К. Бегалиев: - Абдан жакшы маанайдамын. Анткени мен кыргыз элиме, жериме чоң белек кылдым деп айтсам болот.

“Азаттык”: - Эгемендүү Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы биринчи күмүш медаль да?

К. Бегалиев: - Биринчи күмүш медаль. Бул акыркы болбосун, мындан ары алтындар келе берсин.

“Азаттык”: - Маегиңе рахмат.
XS
SM
MD
LG