Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Европа Биримдиги Грузиядагы тынчтык жараянын тереңдетүү үчүн арачылык аракетин күчөтмөкчү


Бүгүн Брүссел шаарына чогулган Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Грузия менен Орусиянын ок атышууларды токтотконуна мониторинг жүргүзүү үчүн байкоочуларды жөнөтүү маселесин талкуулап, жалпысынан макулдашууга жетишти. Жыйын соңунда жарыяланган орток билдирүүгө караганда, Евробиримдик салгылашуулар жакында болгон аймактарда жеринен туруп кырдаалга байкоо жүргүзүүгө даяр болушу керектиги айтылган.
Ушул тапта Евробиримдикке президенттик кылып жаткан өлкө - Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер оболу бул үчүн Бириккен Улуттар Уюму тийешелүү резолюция кабыл алышы керек деген пикирин билдирди. Польша, Литва, Латвия жана Эстония бүгүн Евробиримдиктин тынчтык долбоорун сынга алып, анда Грузиянын аймактык бүтүндүгүн кадырлоо тууралуу жобо киргизилбей калганын белгилешти.

XS
SM
MD
LG