Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19
Грузин-орус жаңжалына арачы түшүү үчүн Кыргызстандык делегациянын катарында Түштүк Осетияда жүргөн белгилүү саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев грузин-осетин чөлкөмүндөгү кайгылуу окуядан кийин дүйнөдөгү алака-мамиле таптакыр башка нукка бурулду деп айтты деп жазып чыкты “24.kg” маалымат агенттиги. Кечээ Токтогул Какчекеев менен ЖК депутаты Мурат Жураев Түндүк Осетиянын качкындар жайгашкан Алагир шаарына жакын жерде болушкан. Мында 30ка жакын качкындар-аялдар менен балдар жана кары-картаңдар бар. Абал тири шумдуктай начар деп белгилеген Т. Какчекеев радикализм менен сеператизмди күчөтүү акыры ушундай жаңжалга алып келерин, мындай коркунучтан Борбор Азия да куру эместигин белгилеген.

КМШ өлкөлөрүнүн аткаруу катчысы Сергей Лебедев Грузия КМШ өлкөлөрүнүн катарынан чыгып кете турган болсо анын болжоп болбос кесепети бүтүндөй Грузия менен грузин элинин башына түшкөн азап болот деп айтты деп маалымдады “Акипреss” маалымат агенттиги.

Көз карандысыз эксперттердин бири Марат Сүйүмбаев “24.kg” маалымат агенттиги аркылуу Түндүк Кавказдагы бул окуя жаман жагынан үлгү болгону калганын, непадам жаңжал басылбай күчөй берсе анын учкуну Борбор Азияны да чарпып кетиши ыктымалдыгын, ал мындай чыр-чатак тутана турган окшоштукту Тажикстан менен Кара Калпакстандан көрөрүн, ошол сыяктуу эле чатак Синь-Цзянь аймагында да жатканын, ошондуктан жаңжалды жөнгө салуу үчүн КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы аракеттер зарыл экендигин айтты деп кабарлады.

Ушул эле маалымат агенттигигине берген интервьюсунда белгилүү саясат иликтөөчү Нур Омаров КМШ өлкөлөрүнүн түштүгүнөн тутанган жаңжал өз ичине Кыргызстанды да тартып кетиши мүмкүн деп билдирди. Анын ою боюнча постсоветтик аймактагы бул жаңжал акыркысы эмес. Тбилиси менен Цхинвили чатагы бир караганда мыйзамченемдүү болучу, ага дейре Ажария чатагы чыккан, анан Түштүк Осетия менен Абхазияны күч менен кошуп алуу жүрүшү башталган. Грузия НАТОго кире турган ниетин билдирип келгени белгилүү. Бирок ага мүчө боло турган өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана ички чыр-чатагынын жоктугу башкы шарт катары саналат. Ошондуктан 2008-жылдын жазындагы Бухарест саммитинде Грузиянын НАТОго киришине макулдук берилген эмес. Эми Тбилиси үчүн мындай мүмкүндүк 3 айдан кийин, НАТОнун саммити өтө турган ушул жылдын1-декабрында келет. Түштүк Осетиядагы жаңжалдын чыгышы балким ушуга да байланыштуу болушу мүмкүн деп айтты саясат иликтөөчү. “Бул жаңжал КМШ өлкөлөрүнүн тарап кетишине алып келбейби?” деген суроого Нур Омаров, Гурзия менен Украина КМШнын катарынан чыгы турган өлкөлөрдөн болуп калганын, мындай кырдаалда Кыргызстан Орусия менен да, КМШ өлкөлөрү менен да мамилелеш болуу керектигин белгилеп, Борбор Азия аймагында да буга окшош жаңжалдын чыгып кетүү коркунучу барын, ал ири алдыда суу энергетикалык талаш-тартыштан, миграциядан жана дин саясатынан келип чыгыш ыктымалдыгын, айрыкча чылбыры эң эле бош жана борпоң аймак Фергана өрөөнү болуп саналарын белгиледи.

Мектептерде паракордук күчөгөн сайын билим берүүнүн сапаты начарлоодо. Кыргызстанда жаңы окуу жылында 1-класстын босогосун 7 миң бала аттайт. Салима Муратова аттуу айым баласын 1-класска кийирүү үчүн 300 доллар бергенин, албетте ал акча мамлекетке эмес деректирдин чөнтөгүнө түшкөнүн, акча бербей койгонго ата-энелердин аргасы жоктугун айтып нааразы болууда деп маалымат тараткан “Борбор Азия” маалымат агенттиги бүгүн Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер балдарын жеке менчик мектептерге бергиси келерин, анткени мындай мектептерде азыркы кезде кеңири тарап кеткен рэкеттик деген балээнин жоктугун, бирок окутуу акысы кымбаттыгын, менчик мектептердин 1 жылдык баасы 300 евродон 2 миң еврого чейин турарын баяндаган. Бүгүн бир эле баланы мектепке кийиндирүү үчүн жок эле дегенде 100 доллар кетет. Анан китебине төлөмөй, мектептин ремонтуна төлөмөй, башкасына төлөмөй башталат. Билим берүү боюнча эксперт Гайша Ибрагимованын айтымында эгер мектеп мугалимдери жөнүендө мамлекет камкордук көрө албаса, анда алардын киреше тапчу булагы балдар бойдон кала берери турган иш. Анан бул деген акырындап олтуруп орду толгус азапка алып келет. Эгер мугалимдин кадыр-баркын бүгүн көтөрбөсөк, эртең өзүбүзгө өзүбүз койгон “атом бомбасынан” жарыла турган күн келет дейт адис эксперт.

“Кыргызстандын ар бир уйу паспорт менен камсыз болушу керек” деп билдирди “24. kg” маалымат агенттигинин кабарчысына Саламаттык сактоо министрлигинин өзгөчө коркунучтуу оорулар жана карантиндер боюнча республикалык борборунун деректири Жалалидин Гайбулин. Анткени сибирь жарасына чалдыккандардын саны жылдан жылга өсүп баратат. Анын бүгүнкү күндө Ошто-247, Жалал-Абадда-353 очогу бар. Мындан тышкары чума менен холеранын очогу Таянь-Шань, Талас, Алай өрөөндөрүндө катталган. Бирок бактыга жараша мындай дартка чалдыккандар 82-жылдан бери учурай элек.

“Акипреss” маалымат агенттиги ушул жылдын 12-августуна карата 614 миң тонна буудай жыйналганын айыл, суучарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги билдирди деп маалымдап, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 85 миң тоннага көп экендигин, буудайдын ар гектарынан алынган түшүм орто эсеп менен 24,1 центнерден айланып жатканын, эгин жыйноо Ысык-Көл менен Нарында да башталганын, түштүктүн комбайндары эми түндүктү көздөй жөнөтүлүп жатканын жазды.

“24.kg” маалымат агенттиги “Эгер суу ресурстарын туура бөлүштүрө алса Кыргызстан нефтепродуктыларга дүйнөлүк баанын өсүшүнөн кыйгап өтүп кете алат” деп айтты Эл аралык финансы корпорациясынын башчысы Ларс Таннел деп кабарлады.
XS
SM
MD
LG