Адаттагыдай эле Кыргызстанда орозонун, демек, рамазан айынын башталыш күнү Кыргызстан мусулмандарынын уламалар кеңешинде талкууланып аныкталды. Антпесе бул күнгө байланыштуу мусулмандар арасында талаш-тартыш пикирлер айтыла берет. Уламалар кеңешинин чечими жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи, Уламалар кеңешинин төрагасы Мураталы-ажы Жуманов мындай дейт:
- 1-сентябрь, дүйшөмбү күн – рамазан айынын башталышы деп табылды. Биринчиден, айды эсептеп туруп, ушунун негизинде, экинчиден,Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу кошуна өлкөлөр менен макулдашып туруп – ушул чечимге келдик. Ошондой эле 1-октябрь, шаршемби күн – орозо айт, ал эми 8-декабрь – курман айт.
Быйылкы орозо толук 30 күнгө толот экен. Кайсы бир жылы 30 күнгө толбой калып – талаш-тартыш жаратканы эсте. Орозонун билим күнү – 1-сентябрга туш келишин Бишкектеги №72-мектептин тарых мугалими Гүлнара Шокеева жагымдуу кабыл алгандыгын, окуучулары быйыл айрыкча ыймандуу болоорунан, улууларды, ата-энелерди сыйлап, билимге текши умтуларынан үмүт кылып жаткандыгын кепке кыстарды.
Адатта, илим-билимди нур менен салыштырышат. Шариятта да рамазан айын "нур түшкөн ай" катары баалашаарын Бишкектеги Азрети Умар атындагы Ислам университетинин ректору Абдышүкүр-ажы Нарматов баса белгиледи.
Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин чечими менен орозо учурунда берилчү садага-битир жалпы Кыргызстан боюнча 30 сом деп табылды. Бул – 1 кило 600 грамм буудайдын баасы. Шарият боюнча 1 жан 1кило 600 грамм буудайдын баасын садага-битир иретинде же жарды-жалчыларга же мечитке бериш керек.
Айрыкча ажыга барчулардын эсине - ажылык зыяраттар Мекеде аткарылчу курман-айт – Кыргызстан эсеби боюнча 8-декабрга туш келет, демек, орозо-айттан 70 күн кийин.