Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

ЫСЫК-КӨЛДӨ БОРБОР АЗИЯ ЖАШТАРЫНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНАТ


Ушул жылдын 18-23- августунда Ысык-Көлдө Кыргызстандын, Тажикстандын жана Казакстандын Жаштар иштери боюнча жетекчиликтеринин жолугушуусу өтөт. Жыйында үч өлкөнүн жаштарына тең тиешелүү маселелер талкууланат.

Кыргыз өкмөтүнүн Дене тарбия, спорт, жаштар иштери жана балдарды коргоо агенттигинин алдындагы жаштар департаменти он тогуз багытта иш алып барат. Айрыкча республикада көпчүлүк жаштар айылдарда турушат. “Жаштар департаментинин ар бир райондо жаштар менен иш алып барчу бөлүмдөрү болгону менен, өкмөттөн бөлүнгөн каражаттын аздыгынан көп маселелер чечилбей келатат” - деди Жаштар департаментинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Абдимиталип Жанжигитов:

Өкмөттүн бюджетинен Жаштар департаментине жылына он млн сом бөлүү караштырылса, иш жүзүндө 2006-2007-жылдары бир млн сом гана бөлүндү. Ал эми 2008-жылга болсо үч млн сом гана бөлүнуп отурат. Каражаттын жетишсиздигинен көп маселелерибиз чечилбей келатат.

18-августтан 23-августка чейин Ысык-Көлдө Кыргызстандын, Тажикстандын жана Казакстандын жаштар иштери боюнча департаменттеринин өкүлдөрү катышкан Эл аралык жыйын болот. Үч мамлекеттин тең жаштарына тиешелүү кандай маселелер бар?

Бул суроо боюнча “Азаттыкка” Жаштар департаментинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Абдимиталип Жанжигитов төмөнкүчө жооп берди:

Аталган жолугушууда үч өлкөнүн Жаштар департаменттеринин ортосунда көп багыттарда биргелешип иш алып баруу боюнча келишимдер түзүлөт. Мисалы, жумуш менен камсыздандыруу боюнча.

Учурда Жаштар департаменти республиканын жаштар саясаты боюнча Улуттук программаны жаңылап иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатат. Жаңы программанын жаралышына Абдимитал Жанжигитовдун пикиринде коомчулуктун, көптөгөн жаштардын сунуш-пикирлери зарыл:

Адатта мындай программаларды айрым бир жеке адамдар жазат. Биз бул ирээт жаштар программасын жазууга жаштардын өздөрүн көбүрөөк тарталы деп жатабыз.

Соңку учурда Кыргызстандан көптөгөн жаштар чет жактарга кетишүүдө. Бирок жаштар менен иш алып барган Жаштар департаментинде Кыргызстандан чет өлкөлөргө канча жаш адам кетти, ал жактарда алардын тагдырлары кандай болуп жатат – эч маалымат жок. Андыктан Абдимитал Жанжигитовдун пикиринде Жаштар департаментинин алдында Маалымат борборун ачуу зарыл.

XS
SM
MD
LG