Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

ОШ: АЙРЫМ ТУРГУНДАР К.БАКИЕВГЕ “ЭЛ БААТЫРЫ” НААМЫН ЫЙГАРГЫСЫ КЕЛИШЕТ


Бүгүн Курманбек Бакиевдин өлкөнүн президенттик кызматын аркалаганына үч жыл толду. 2005-жылдын 14-августунда К.Бакиев Ала-тоо аянтында Кыргызстан үчүн ак иштээрин айтып ант берген эле. Ыңкылаптын койгон максаттары ишке ашпай калды деген нааразылыктар көп болгону менен Оштун айрым тургундары «акыркы жылдардагы өзгөчө эрдиги үчүн президент Бакиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгаруу керек» деген демилге көтөрө башташты. Мындай демилгеге каршы чыккандар да аз эмес.

Оштук журналист, «Алтын калем» сыйлыгынын ээси Сабыр Буркашев «2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылап жеңилүүгө учураса, Акаевдин режими Бакиев башында турган революционерлердин бирин дагы соо коймок эмес деген бекем ойдо. Анын айтуусунда, Кыргызстанды үй-бүлөлүк башкаруунун туткунунан куткарган улуттук лидерге «Республика Баатыры» наамы ыйгарылса, Бакиевдин мындан ары жемиштүү иштешине дем бермек:

- Максатына жетпей калса, ушунча эл көтөрүп койгон адамды эски системанын бийлиги башынан сылабайт эле да. Бирок ошондой оор кырдаалда Курманбек Салиевич барына кайыл болуп, элдик кыймылга жетекчилик кылды. Муну өзүнчө баатырдык деп эсептесе болот. Оор сыноолордон өтүп, элге жетекчилик кылып келаткан адамга “Эл Баатыры” деген наам берип койсо моралдык колдоо болобу деп ойлойм.

Март ыңкылабынын активдүү катышуучусу Төлөгөн Келдибаев жогорудагыдай демилгени колдобойт. Анын ырасташынча, Бакиев 2005-жылкы жана андан кийинки убадаларынын бирин дагы аткарган жок. Акыркы убакта үй бүлөлүк башкарууга ыктаганы ачык байкалууда:

- «Эл Баатыры» деген наамга ылайыктуу алгылыктуу иштери көрүнгөн жок да. Жакырчылык, коррупция, жумушсуздук күндөн-күнгө күч алып атат. Курманбек Салиевич жаңы президенттикке шайланып атканда акыйкаттыкты орнотууну, таза шайлоолор болоорун, демократиянын өнүгүшүн, адам укуктарынын сакталышын бир топ убада берген болчу. Бирок бүгүнкү күндө ал нерселер аткарылган жок. Албетте, азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатына байланыштуу үй бүлөлүк башкарууга кетип атат десек туура эле болчудай.

Ош мамлекеттик университетинин студенти Эрнис Толтоев Акаев менен Бакиевдин саясатын салыштырууга болбой тургандыгын, президентке жогорку наам берүүнүн эч одоносу жок экендигин айтты:

- Чындыгында Акаев менен Бакиевди салыштырып болбойт. Эл колдосо, Бакиевге «Эл Баатыры» наамын берсе эч жамандыгы жок анын. Ал эми президенттик администрацияданбы, же азыркы бийликтин тегерегинде өзүнө-өзү атайын уюштуруп жасап аткан иш болсо - бул туура эмес болуп калат.

Кара Суу районунун акими Токтосун Барманов тоталитардык системаны кулаткан, кыска мөөнөттө өлкөнү оңдогон, бюджетти үч эсе көбөйткөн эрдиктери үчүн президент Бакиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын тартынбай берүү керектигин телефон аркылуу билдирди.

Ал эми жергиликтүү серепчи Абай Эшмаматовдун оюу боюнча жеке адамга сыйынуу өлкө башчысынын демократиялык нуктан тайышына ыңгай жаратуусу ыктымал:

- Албетте, жеке адамга сыйынуу буга чейин Акаев доорунда да болуп келген. Бакиевге «Эл Баатыры» наамын алып беребиз дегендер азыркы бийликти бузуп, тескери жактарга бурулушуна алып келет деп эсептейм.
XS
SM
MD
LG