Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

17:20 Ысык-Көлдө ок атышуудан 1 бала оор абалда ооруканага жеткирилди


13-август күнү кечки саат 9дарда Чолпон-Ата шаарындагы Санаторский көчөсүндө 50дөй бала мушташып, аягы атышууга жетти. Окуя кылмыштуу топтордун жетекчиси Камчы Көлбаевдин үйүнө кетчү жолдо болгон. Жергиликтүү жаштар мушташкан балдар Бостери айылынын тургундары, ал эми экинчи тарап болсо Чолпон-Ата шаарынын тургундары, Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна тиешелүү экендигин ырасташты. Бирок ИИМдин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери мушташкандардын көпчүлүгү качып кеткенин маалымдашты. Качып кеткендердин машинасынан автоматтар табылган. Бул чатактан бостерилик Мырзабек Акташовго ок тийип, оор абалда Бишкек ооруканасына жеткирилди. Айылдаштарынын айтуусунда, Акташов менен учурда камакта жаткан 37бала криминалдык топто кармап кеткен инилерин куткаруу үчүн барышкан. Ошондой эле жабырлануучу тарап бул кылмыш фактысын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармасы жашырып жатканын билдирди. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG