Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

17:25 Жалал-Абаттагы аймактык шайлоо комиссияларында саясий партиялардын өкүлдөрү аз


14-августта облустагы шайлоо өтө турган район, шаардык аймактык 12 шайлоо комиссиясы түзүлүп бүттү. Округдук шайлоо комиссияларын түзүүгө облустагы саясий партиялардын бөлүмдөрү аз катышты. Аймактык шайлоо комиссияларына өз өкүлдөрүнүн кошуу өтүнүчү менен беш саясий партиялардын өкүлчүлүктөрү гана кайрылган. Ал эми «Ак жол» партиясынын мүчөлөрү бардык аймактык шайлоо комиссияларына кирди. Андан сырткары «Айкөл Манас» партиясынын бир өкүлү Базар-Коргон аймактык, «Кыргызстан социал-демократтар» партиянан бир өкүлу Сузак райондук округдук шайлоо комиссиясынын курамына кошулду. Облустук шайлоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, аймактык шайлоо комиссиясына кирүү жөнүндө «Ата мекен», «Асаба», «Жаны Кыргызстан», «Ар-намыс» жана «Родина» өңдүү саясий партиялардан өтүнүч талаптар түшкөн эмес. Облуста ондон ашык саясий партиялардын өкүлчүлүктөрү бар экени белгилүү. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG