Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

14-августта Курманбек Бакиевдин ант берип, президенттик кызматка киришкенине 3 жыл толду. 2005-жылдын 14-августунда Ала-тоо аянтында туруп эл алдында К.Бакиев мамлекет башчысы катары ак иштейм, мыйзамдарды сактайм, коррупцияга каршы күрөшүп, элди жакырчылыктан алып чыгам деген эле. Кийин К.Бакиев Конституциялык реформа жасайм деп оозеки дагы, жазуу жүзүндө да убадаларын берген болчу. Алардын канчасы аткарылды, канчасы аткарылган жок, К. Бакиев эмне максаттарга жете албады? Азыркы президенттин тушунда Кыргызстан кандай абалда?

Аскар Акаевдин тушунда премьер-министр болуп иштеп турган Курманбек Бакиев 2002-жылы мартта Аксыда болгон кан төгүүдөн кийин Коопсуздук кеңешинде өкмөт башчsсы кызматынан кеткен эле. Анын бийликке келишине 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар себепкер болгон. Аскар Акаев капысынан кызматын таштап, Москвага кетип калгандан кийин парламенттин чукул жыйынында оппозициянын күчү менен Курманбек Бакиев премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп шайланган. Аскар Акаевдин режими түрмөгө салган Феликс Кулов да боштондукка чыгып, ал сот аркылуу акталгандан кийин президенттикке талапкерлигин коюуну максат кылган болчу.

Бирок 2005-жылдын 12-майында К.Бакиев менен Ф.Куловдун ортосунда “Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкерлер ортосундагы келишим” түзүлгөн. Ага кепил катары ошол эле 12-майда Конституциялык соттун төрагасы Чолпон Баекова, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов, ал эми 17-майда, парламенттин макулдугун алгандан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев кол коюшкан. 10-июлдагы президенттик шайлоодон кийин тандемдин шартына ылайык Ф.Кулов премьер-министр болуп дайындалган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев башынан эле тандемдин түзүлүшүнө каршы чыкканын, анткени ал К.Бакиевди президенттик кызматка татыксыз деп эсептеп келгенин, “эгер Ф.Кулов дагы талапкерлигин койсо Кыргызстан түндүк-түштүккө ажырап кетет” деген кеп ошол учурда атайын таратылган суу кечпес миф болгонун жашырбайт:

- "Бул миф" - деди Ө.Текебаев. Эгерде шайлоо адилет өтсө, эл өз ыктыяры менен добуш берген болсо, анын жыйынтыктарына эл ынанса эч кандай түндүк-түштүк деп ажырым кетмек эмес. Тескерисинче мына азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан регионалдык саясаты элди, өлкөнү көбүрөөк бузуп жатат.

К.Бакиев менен Ф.Куловдун ынтымак келишиминде каралган Kонституциялык реформа 2006-жылдын ноябрынан тартып Кыргызстанда чоң митингдерди жараткан. К.Бакиев мурдагы убадалары боюнча президенттик бийликтин укуктарын азайтууга сөз берсе дагы, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, Конституциялык реформа акыр-аягында кайра эле К.Бакиевдин жеке бийлин чыңдоого багытталып калды.

"Кыргызстандын жакын арада оңолушу кыйын,"- деди “Азаттыкка” А.Бекназаров. Менимче, ушундай жол менен бара берсе Кыргызстан Бакиевдер бийликте ушинтип тура берсе өлкө анда Колумбиядай же Африкадагы мамлекеттердей коррупциялашкан, мафиялашкан мамлекетке айланып калышыбыз мүмкүн.

Конституциялык реформа барып-келип тандемдин бир өкүлү Ф.Куловду кызматтан кетирүүгө түрткү болуп берди. К.Бакиев менен Ф.Куловдун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча эгер Ф.Кулов кызматтан кетсе анын өнөктөшү дагы отставкага арыз жазышы керек болчу.

К.Бакиевди жактоочулардын пикиринде азыркы президент өлкө үчүн бир катар жакшы иштерди жасап жатат, алсак, республикалык бюджетке түшүп жаткан акчанын көлөмү көбөйдү, Камбар-Ата -2 ГЭСи, Кызыл-Кыядагы цемент заводу сыяктуу ири-ири курулуштар башталды. Мындай пикирди айткандардын бири Улукбек Ормонов “Ак жол” партиясынан парламентке өткөн депутат. Ал эми дагы бир “Ак жолчу”депутат Жангороз Каниметов өлкөдө биринчи жолу партиялык тизме менен шайлоо өтүп, парламент куралганын белгилейт:

-"Негизги багыттар, максаттар аткарылып жатат," - деди ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда. Конституциялык реформа жасалып, партиялык тизме менен Жогорку Кеңешке шайлоолор өткөрүлдү. Экинчиден, күчтүү аткаруу бийлиги айыл өкмөттөрүнөн тартып өкмөткө чейин түзүлдү. Үчүнчүдөн, экономиканы көтөрүүдө бюджеттин деңгээли К.Бакиевбийликке келгенден бери эки эсеге көбөйдү.

К.Бакиев президенттик кылган акыркы үч жылда бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүндө акча көбөйгөнү менен азыркы учурда кымбатчылык күчөп, эл анын оорчулугун сезип турган чак. Аны мамлекет башчысынын жактоочусу У.Ормонов дагы моюнга алат.

К.Бакиевдин бийликке келишине өз салымын кошкон мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров азыркы күндөрү мен эле эмес, көпчүлүк кыргызстандыктар К.Бакиевдин президент болуп калганына катуу өкүнүп турушат деген пикирин “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Ошентсе дагы абалды оңдоонун жолдору бар:

-"Үмүттү үзбөш керек. Интеллигенциянын өкүлдөрү, акыл-эстүү патриот адамдар бар. Кудай кааласа, күзүндө чоң аракеттер болот. Балким К.Бакиевдин өзүн сүйлөшүүгө отургузуп, үй-бүлөлүк башкаруудан баш тарттырууга мүмкүнчүлүктөр бар."

К.Бакиев 3 жыл мурда Ала-Тоо аянтында туруп ант бергенде “Демократияны, жарандык коомду мындан ары да өнүктүрүү, жарандардын эркиндигин жана укуктарын коргоо биздин ыйык парзыбыз. 24-марттагы элдик жеңишти татыктуу улантуу - биздин түбөлүк милдетибиз”, деген болчу.

Ошого карабай укук коргоочулар, оппозиция К.Бакиев башында турган бийлик жарандардын бир катар укуктарын чектеп жаткандыгын, атап айтканда, митинг, пикеттерди чектеген мыйзамга президенттин кол коюшун белгилеп жатышат. Муну мурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков акыркы 3 жылдагы тенденция катары баалайт.

КМШнын статистикалык маалыматы боюнча эмгек акынын көлөмү боюнча Кыргызстан 340 сом менен тизменин эң артында. Эгер кымбатчылык ушундай темпте кете берсе, экономисттердин пикиринде, күзүндө жарым миллиондой кыргызстандык итке минген жарды-жалчыга айланмакчы.

Антип жашоо оорлоп, ыңкылаптын максаттары ишке ашпай калды деген нааразылыктар күчөп атканы менен Ош облусунун айрым тургундары «акыркы жылдардагы өзгөчө эрдиги үчүн президент К.Бакиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгаруу керек» деген демилге көтөрө башташты.

Ал эми андан азыраак мурда Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев, “ак жолчу” депутат Санжар Кадыралиев 2010-жылдагы шайлоодо К.Бакиев кайрадан президент болууга тийиш деген саясий кампанияны эмитеден эле баштаган эле.

Аскар Акаевдин кошоматчылары дагы өз учурунда анын бийлигин улам бир жаңы мөөнөткө узартууну дембе-дем демилге кылып, көтөрүп турушканы кыргызстандыктардын дале эсинде.

Сүрөттө: К.Бакиев Кыргыз Республикасынын президентинин антын берип жатат (Бишкек шаары, Ала-Тоо аянты, 2005-жылдын 14-августу).
XS
SM
MD
LG