Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

ТАЛАС: МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНА КАРАТА ЖАҢЫ САЯСАТ


6-октябрда Таласта боло турган жергиликтүү Кеңештерге шайлоолорго катыша турган саясий партиялардын жана жеке талапкерлердин жарнактарын айрым бейөкмөт массалык маалымат каражаттары жарыялай алышпайт. Алар шайлоо комиссиясы тарабынан өз учурунда маалымдалбагандыктан, БШКадан каттодон өтүүгө үлгүрбөй калышкан. Мындай көрүнүштү айрым медиа өкүлдөр массалык маалымат каражаттарын бийлик өкмөттүк жана бей өкмөттүк деп экиге бөлүп жатат деп түшүнүшсө, кээ бир саясатчылар муну демократиялык принциптерди тебелөө аракети деп баалашууда.

Ушул жылдын күзүндө болчу жергиликтүү Кеңештерге шайлоолордун жарнактарын чагылдырыш үчүн массалык маалымат каражаттары 10-августка чейин борбордук шайлоо комиссиясынан атайын каттодон өтүшү талап кылынган. Талас облусу боюнча өкмөт тараптан каржыланган «Талас Турмушу» гезити менен «Талас телерадиокомпаниясы» каттодон өтүп, ал эми башка бейөкмөт массалык маалымат каражатары каттодон өтпөй калган.

Талас шаарындагы «Некс» деп аталган жеке менчик радионун жетекчиси Айбек Турдалиев бул тууралуу ушул тапка чейин шайлоо комиссиясы тарабынан маалымдалбаганына таң калат. Ал бул көрүнүштү бийликтин өкмөттүк жана бейөкмөттүк деген көз караштагы жаңы саясаты катары түшүнөт:

- Былтыркы жылды алып көрө турган болсок, октябрь айында акыркы каттоолор болгон болчу. Көпчүлүк көз карандысыз массалык маалымат каражаттары Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган кезде, алар ноябрга чейин каттоону узартып, анан кээ бирлери жетишип калган. Балким бул жолу деле ошондой болушу мүмкүн, азырынча менде үмүт бар. Эгерде узартуулар болбосо биз шайлоого катышпай калабыз да. Бул жерде мамлекеттик, анан бейөкмөттүк-көз карандысыз деген эки айырмачылык билинип калат. Эмне себептен мамлекеттин каржылоосунда турган массалык маалымат каражаттарына алдын ала маалыматар таратылат дагы, көз карандысыз маалымат каражаттарына маалымат берилбейт?

Каттоонун акыркы мөөнөтүндө 8-август күнү Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүүгө жетишип калган облустук «Талас турмушу» гезитинин башкы редактору Козубек Иманкулов бул жерде жогоруда айтылгандай деле саясат жок, бул жөн гана шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин кайдыгерлиги катары карайт:

- Курсташтарым, тааныштарым бар эле, алар ажаат ачып, анан ошондой мүмкүнчүлүктү пайдаланып калып, ушул жанагы рекламалык тарифтерди берип акредитацияга илинип калдык. Ошондо ойлоп көрсөңүздөр, 4-август күнү президенттин буйругу чыккандан кийин 8-августка чейин мөөнөт берилип жатат. Болгону мен ойлойм, мында маалыматты таратууда оперативдүүлүк жок болуп, экинчиден кайдыгерлик бардай сезилет.

Талас облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жантөш Жусупбеков шайлоонун жарнактарын чагылдырыш үчүн каттодон өтүү жөнүндө бардык массалык маалымат каражатарынын жетекчилерине өз учурунда эле кабарлангандыгын айтты:

- Бул жерде менчик, же мамлекеттик деп болбойт. Ошол массалык маалымат каражаттарына бирдей негизде кетет. Биз облустук шайлоо комиссиясы колубуздан келишинче силерге билдирип коюуга аракет кылдык. Эми муну канчасы билди, канчасы билбей калды биз жоопкерчилигин ала албайбыз.

«Ата Мекен» партиясынын Таластагы лидери, саясатчы Акмат Дооронбеков мындай көрүнүштү Кыргызстанга кирип келе жаткан диктатуранын бир илеби катары көрөөрүн «Азаттыкка» айтып, бул шайлоо демократиялык нукта эмес, мурдагы шайлоолордой мыйзам бузуулар менен өтөт деген көз карашта:

- Керектүү гана массалык маалымат каражаттары аркылуу бере коюу, менчик маалымат кызмакерлерин четтетип салуу - бул шайлоолорду дагы мурдагыдай маанайда өткөрүүгө даярдык көрүү деп эсептейм. Бул деген биздин өлкөдөгү демократиялык принципти тебелеп, элдин укугу менен эсептешпей, «өзүбүздү өзүбүз билебиз, өтүгүбүздү төргө илебиз» деген маанидеги жасап жаткан иштер. Былтыркы референдум жана шайлоо буларга чоң сабак болгон. Бул шайлоону деле ошондой өткөрүп, утуп алабыз деген ишеним менен жасап жаткан иштер деп баалайм.

Талас облусунда жалпысынан ондон ашык массалык маалымат каражаттары бар. Алардын ичинен облустук «Талас Турмушу» гезити менен «Талас телерадиокомпаниясы» гана облустук шайлоо комиссиясынан шайлоонун жарнактарын чагылдыруу үчүн каттоодон өтүшкөн.

XS
SM
MD
LG