Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

ГРУЗИЯ: БАТЫШТАН - ЖАРДАМ, ТҮНДҮКТӨН – КЫСЫМ, КМШдан - ЭЧТЕКЕ


Кошмо Штаттар жиберген кайрымдуулук жардамынын алгачкы бөлүгү Тбилисиге жеткирилди. Бул окуяны расмий Вашингтондун тез арада эгемен Грузияга кайрымдуулук көмөгүн көрсөтөбүз деген убадасынын аткарыла башташы катары карашууда. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Кавказдагы орус-грузин аскердик жаңжалын токтотуу жана туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүү максатында Парижге келүүдө. Франция азыркы тапта Евробиримдиктин президенттигин аркалоодо. Грузиянын басып алынган айрым жерлеринен орус аскерлерин чыгаруу жараяны дээрлик токтоп калды деген жаңы кабарлар келүүдө. Бүгүн Маскөөдө орус президенти Дмитрий Медведев жикчил Түштүк Осетия менен Абхазиянын лидерлерин кабыл алып, Кремл алардын саясий мүдөөсүн колдой турганын билдирди. КМШга мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Курманбек Бакиев менен Нурсултан Назарбаев кечээ Чолпон-Атада жолугушту. Назарбаев КМШнын жаңжалдарды токтотуу жаатында мажирөө түзүлүш экенин сынга алды.

Кечээ түнү АКШнын аскердик учагы менен Тбилисиге кайрымдуулук жардамынын алгачкы бөлүгү жеткирилди.

Алдыдагы күндөрү америкалык аскер кемелери да Грузиянын порт шаарларына чукул кайрымдуулук жардамын жеткирээри күтүлүүдө.

Бул кадамы менен Вашингтон Грузиянын эгемендигин иш жүзүндө колдой тургандыгына жана анын болочокто НАТОго кирүү үмүтүн да колдоого алаарына ишаара кылууда.

Грузиянын Эмгек, саламаттык сактоо жана социалдык маселелер боюнча министри Александр Квиташвили (Alexander Kvitashvili) кечээ кечинде Тбилиси аба майданында АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Мэтью Брайза (Matthew Bryza) менен биргеликте АКШдан келген кайрымдуулук жардамынын түшүрүлүп жатканына күбө болушту.

Андан соң Квиташвили мырза Тбилисинин Батыш өлкөлөрүнө ыраазычылыгы тууралуу кабарчыларга мындай деп билдирди:

- Биз АКШнын жардамын көрүп турабыз. Биз бүткүл Европадан келген колдоону көрүп турабыз. Биз бүт дүйнөдөгү цивилизациялуу өлкөлөрдүн колдоосуна күбө болуп турабыз. Биз экономикабызды, инфраструктураны кайра куруп чыгуу үчүн абдан көп кайрымдуулук жардамын алдык жана абдан көп убаданы уктук, булардын бардыгы үчүн биз өтө ыраазыбыз.


Бүгүн (14-августта) АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс (Condoleezza Rice) орус-грузин аскердик жаңжалын жөндөө үчүн сүйлөшүү жүргүзүү максатында Парижге келүүдө.

Райс айым кечээ Европага сапарга чыгаар алдында Вашингтондо чыгып сүйлөп, Кошмо Штаттар демократиялык жол менен шайланган Грузия өкмөтүн колдоого алаарын, тээ 1968-жылы Чехословакияны Советтер Биримдиги басып алгандагыдай жорукту Орусия эми кайталай албастыгын баса белгилеп, эгемен өлкөнү “бейпилдик күчтөрүн коргоо” шылтоосу менен бомбалоо жана башка өлкөнүн ичкерки аймагына аскер жиберүү таптакыр туура эмес иш экенин Кремлге эскертти:

- Эгерде сиз портторду бомбалай баштасаңыз, аскерлериңизди курчоого алчудай мүнөздө жүрүшкө чыгарып, Грузиянын батыш чектерине киргизсеңиз, Тбилиси менен Гори шаарын бириктирген кан жолду кесип салсаңыз, бул аракеттер Орусиянын бейпилдик күчтөрүн коргоо үчүн зарыл делген иш-аракеттердин алкагынан таптакыр ашып түшкөн көрүнүш. Ошондуктан Орусия өзүнүн кылган иши үчүн эл аралык айыптоого кабыла баштады.

Ушул тапта Грузиянын басып алынган айрым жерлеринен орус аскерлери жайбаракаттык менен чыгарылууда, ал түгүл бул иш-аракет токтоп калды деген жаңы кабарлар келүүдө.

Бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Грузияда кала берип жаткан орус аскерлери жаатында журналисттерге бүгүн мындайча билдирди:

- Биздин аскерлерибиз Гори жана Сенаки шаарларынын сыртында кала берүүдө. Алар бул шаарларга кирген жок. Алар бул аймактарда бир гана мүдөө үчүн жүрүүдө - дал ушул жерлерде Грузиянын аскерлеринин мерчемдүү жайлары негизденип, алардан Түштүк Осетия (аймагы) аткыланган болчу.

Бүгүн эртең менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Орусия Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия (Эдуард Кокойты) менен Абхазиянын (Сергей Багапш) жетекчилерин кабыл алып, аларга бул аймактардын болочокку макамы боюнча жергиликтүү элдин чечимине Орусия колдоо көрсөтөөрүн айтты.

Бул талаптанган макамды алуу үчүн Кремл аларга Кавказда да, дүйнөлүк алкакта да көмөкчү болоорун Медведев баса белгиледи.

Ал эми орус тышкы иштер министри Лавров Кремл жаңжалды соңуна чыгаруу үчүн сүйлөшүүлөргө грузин президенти Михаил Саакашвили менен бирге отурбай тургандыгын эскертти.

Кремлдин бул сыяктуу билдирүүлөрү Орусиянын Грузияга аскер киргизишинин негизги мүдөөсү – Грузиядагы демократиялык бийликти кулатуу экендиги тууралуу ар кыл жоромолдорго жем таштоодо.

Ал эми кечээ болсо КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин учурдагы төрагасы, кыргыз президенти Курманбек Бакиев казак кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен Ысыккөл жээгиндеги Чолпоната шаарында жолугушуп, Грузиядагы кырдаалды талкуулады. Алар жаңжалды саясий, дипломатиялык жолдор менен гана чечүү керектигин баса белгилешти. (Сүрөттө: Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери Чолпонатада. 13-август, 2008-жыл).

Президент Назарбаевдин оюнча, “КМШнын бардык мүчө өлкөлөрү жикчилдикке каршы”.

Байкоочулар казак президентинин сөзү Кремлге кыйыр түрдө каяша катары айтылганын белгилешүүдө.

Маалыматтарга караганда, президент Нурсултан Назарбаев КМШны Грузиядагыдай жаңжалдуу окуяларга чукул арада таасир тийгизип, жаңжал отун учурунда өчүрүү үчүн эч кандай механизми жок мажирөө түзүлүш болду деп сынга алган.

XS
SM
MD
LG