Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Австралия грузин элине 1 миллион австралиялык доллар көлөмүндө кайрымдуулук жардам жиберет


Австралия Кавказдагы жаңжалдан жабыркаган грузин элине 1 миллион австралиялык доллар (870 миң АКШ доллары) көлөмүндө кайрымдуулук жардам жиберет. Австралиянын тышкы иштер министри Стивен Смиттин айтымында, бул каражат Эл аралык Кызыл чырым уюму жана Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарлыгынын ортосунда бөлүштүрүлөт. Бул акчага качкындар үчүн зарыл болгон баш калкалоо үчүн жай, суу, жууркан-төшөк жана дары-дармек сатылып алынмакчы. Өз сөзүндө министр Смит Орусиянын Грузиядагы аскердик өнөктүгү зарыл өлчөмдөн ашыкча болгонун, натыйжада бул жаңжал оор жоготууларга алып келгенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG