Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Францияга келди


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Грузияга Вашингтондун колдоосун билдирүү үчүн Европага иш сапары менен келди. Сапарынын алкагында Райс адегенде Франциянын президенти Никола Саркози менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Шейшембиде Саркози Орусия менен Грузия ортосундагы жаңжалда арачы болуп, Евробиримдиктин атынан аскердик өнөктүктү токтотуу долбоорун сунуш кылган. Франциядан кийин мамлекеттик катчы Райс Тбилисиге жол тартып, грузин президенти Михаил Саакашвили менен жолугушат. Иш сапарын баштаар алдында Кондолиза Райс Вашингтондо сүйлөгөн сөзүндө эгерде Орусия ок атышууларды токтотуу тууралуу сөзүндө турбаса, анда эл аралык коомчулуктун алдында аброю кетерин эскертти. Анын аралыгында АКШдан Грузияга гуманитардык жардам жеткириле баштады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG