Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Расмий Тбилиси: Орусия Гори шаарындагы жоокерлеринин санын көбөйттү


Шейшембиде Орусия менен Грузия ортосунда жетишилген макулдашууга карабастан, орусиялык жоокерлер Грузиядан толугу менен чыга элек. Бүгүн эртең менен Грузиянын ички иштер министрлиги орусиялык жоокерлер стратегиялык мааниге ээ Гори шаарынан кете баштаганын айткан. Бирок андан бир нече саат өткөндөн кийин Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Орусия Гори шаарындагы жоокерлеринин санын көбөйткөнүн жана орус аскерлери Кара деңиздеги Поти шаарын көздөй багыт алганын билдирди. Такталбаган маалыматтарга караганда, орустар менен бирге Гориге келген түштүк осетиялык куралдуу топ шаардан чыгып кетүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG