Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:35

Орусиянын Грузиядагы согуштук операциясы - ал өз коңшуларына болгон таасирин сактап калыш үчүн баарына барууга даяр экендигин көрсөттү. Бул жаңжал КМШнын бир мүчөсү экинчисине кол салгандыгы менен шойкомдуу окуя болуп калды. Батыш да Орусия менен мындан аркы мамилесин кайра карап чыгууга мажбур болууда.

Кечээ эле орус армиясынын таманы астында калчудай көрүнгөн Грузияда бүгүн бүшүркөөнүн белгиси байкалбайт. Өлкөдө орус аскерлери согуштук операцияларын токтотпогону менен, грузин бийликтери Москвага сес көрсөтүп турган чак.

Тбилисиде Михаил Саакашвили Орусиянын баскынчылыгын айыптаганда, грузин эли менен катар, анын жанында кезегинде Орусиянын кол салуусунан жапа тарткан Польшанын, Украинанын, Балтика өлкөлөрүнүн президенттери да турду.

Өз пикирлештеринин турумун жалпылап, Эстониянын президенти Томас Илвес мындай деди:

- Эгер башка элдердин эрдигине коркунуч келсе, эгер кайсы бир өлкөдө демократияга чабуул жасалса, анда биздин эркиндиктерге да, биздин демократияга да коркунуч келе турган мезгил алыс эмес.

Учурда Европа Биримдигине жана НАТОго кирген бул төрт өлкөнүн жана Украинанын Грузияга мындай боордоштук көрсөтүшү соңку окуялардан кийин кырдаалдын канчалык терең өзгөргөндүгүн айгинелейт. Албетте, 8-августта орус армиясы Грузияга чабуул баштаганда, Москва коңшуларына өз билгениндей зөөкүрдүк көрсөтө алаарын дүйнөгө далилдеди. Ошол эле мезгилде ал Батыш менен алакасына кыйла доо кетирип алды.

Белгилүү болгондой, Орусия глабалдык масштабда кадыр-барк күтүп, негизги эл аралык уюмдарга мүчө болууга далалат кылып келет. Ал өнүккөн өнөр-жайлуу өлкөлөрдүн Жетилигине кирип, ал «Чоң Сегиздик» аталып калган. Бирок кечээ Брюсселде Евробиримдиктин жыйынында Британиянын тышкы иштер катчысы Дейвид Миллибанд Орусия бул уюмдан чыгып калышы да мүмкүн экендигин каңкуулады. Ал Москва менен Брюсселдин ортосунда талкууланып жаткан Кызматташтык келишимине да коркунуч келип жаткандыгын жашырган жок:

- Европа Биримдиги бул кызматташттык макулдашуусун эмне кылышты ойлонушу керек болот. Бул окуялардан кийин, биз Евросоюзда бирдиктүү энергетия саясатын жүргүзүшүбүз керектиги айгине болуп калды.

Евробиримдик Орусия менен алакасын сентябрдагы жыйында карай турган болууда.

Бирок айрымдар Батыш Орусия менен такыр эле кол үзүшүп кете турган чекке жете элек деп эсептешет. Мэтю Клементс - Лондондо жайгашкан Жейн изилдөө борборунун Евразия боюнча редактору:

- Баары Орусиянын мындан аркы кадамдарына жараша болот. Эгер ал Батыш агрессиячыл деп эсептеген саясатын улантса, акыйкат тынчтыкка далалаттанбай турган болсо, азыркы божомолдордун айрымдары ишке ашышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG