Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:41

Өткөн айда Пакистандын чалгын кызматы – Ай-Эс-Ай (ISI) талиптерге тымызын колдоо көрсөткөн деген доо жаатында Кошмо Штаттар менен Пакистандын ортосунда кайым айтышуу болду. АКШ тапкан далилге караганда, Ай-Эс-Ай агенттигинин тыңчылары өткөн айда Кабул шаарындагы Индиянын элчилигинин имаратына жасалган талиптик бомба чабуулунун артында турган имиш. Расмий Исламабад бул доону өзүнө жуутпаса да, талиптерди пакистандык тыңчылар колдоп жатат деген айыптоолор улам күчөп айтылууда. Деги, пакистандык чалгын кызматы кимдин көзөмөлүндө?

Ооганстандагы НАТОнун колбашчысы, америкалык генерал Дэвид МакКирнан (David McKiernan) пакистандык тыңчылар кайсы бир деңгээлде талип жоочулары менен өнөктөш болуп жатат деген айыптоону ушул аптада да колдоп чыкты.

Пакистан бул сыяктуу айыптоолорду төгүндөгөн менен, Ай-Эс-Ай (Inter-Services Intelligence) чалгын агенттигинин катарына кирип алган түшүнүгү тайкы айрым тыңчылар болушу деле ыктымал деп актанып келди.

Ал эми Нью Йорк университетинин Эл аралык кызматташтыкты иликтөө борборунун директору Барнетт Рубин (Barnett Rubin) мырза болсо Ай-Эс-Ай агенттиги өтө бекем тартипке негизделгенин, анын катардагы “көз карашы чийки” тыңчысы өз билгенин жасай албай турганын айтат:

- Эмне окуялар болуп жаткандыгына карабастан, анын баарын тең эле “чийинден чыгып кеткен чийки” тыңчыларга шылтай берген жарабайт. Ар кандай эле чалгын кызматында, өзгөчө тымызын иш-чараларды жүргүзүү маалында, сиз көп учурда теңирден-тескери маалымат айтуу деңгээлин карманасыз, мунун айынан чечим чыгаруучу ири жетекчилер эмне болуп жаткандыгы жөнүндө өздөрү да толук кабардар боло бербейт.

“Талиптер” жана “Баш-аламандыкка төмөндөө” аттуу китептердин автору, пакистандык журналист Ахмед Рашид (Ahmed Rashid) мырза пакистандык чалгын кызматы жылдардан бери Вашингтон менен талиптердин ортосунда мышык-чычкан оюнун ойноп келгенин белгилейт.

Анын оюнча, маселенин баары – пакистандык өкмөттүн чалгын жетекчилигинин ишмердигин толук көзөмөлдөй албаганында:


- Террорчулукка каршы күрөш жана аны кантип жүргүзүү маселесинде аскердик жетекчилик менен саясатчылардын көз карашында өтө чоң айырмачылык бар. Аскер жетекчилиги, иш жүзүндө, саясатты башкарып турат. Жөнөкөй саясий жетекчилердин сөзү дээрлик өтпөйт. Бул жагдай эмне үчүн Пакистан террорчулукка каршы согушта ийгиликке жете албагандыгынын жана эмне үчүн бул согуш жаатында пакистандыктар менен америкалыктар айырмаланып жаткандыгынын себептеринин бири.

Гарвард университетинин Азия борборунун изилдөөчүсү, пакистандык таанымал журналист айым Насим Зехра (Nasim Zehra) да бул пикирди колдоп, Ай-Эс-Ай агенттигинин басымдуу көпчүлүк кызматкерлери аскер кызматкерлеринен куралганын, иш жүзүндө премьер-министр да бул агенттикти көзөмөлдөй албай келгенин баса белгилейт.

Насим Зехранын оюнча, Пакистанда бир катар жылдар үстөмдүк кылган хунта учурунда эле калайык арасында Ай-Эс-Айдын кадыр-баркы төмөндөп кеткен.

- Бул өлкө кыйла убакыттан бери аскердик бийликтин кол астында болуп келди. Ал аскер башчыларынын өкүмү астында болгон чакта, Ай-Эс-Ай агенттигинин бир бөлүгү аскердик жетекчилик тарабынан өлкөдөгү саясий кырдаалды башкаруу үчүн пайдаланылып келген. Мунун айынан Ай-Эс-Айдын бедели өтө төмөн болчу.

Насим Зехранын оюнча, маселенин баары – “болочокто Пакистан өкмөтү реформа жүргүзүп, Ай-Эс-Айды парламент тарабынан тийешелүү көзөмөлгө алуу механизмин калыптандыра алабы же жокпу?” деген суроодо турат.

Ай-Эс-Ай агенттигинин талиптерге шыкакчы болгон ишмердүүлүгү жалаң гана пакистандыктарды эмес, Исламабадга эл аралык террорго каршы күрөштө шерик болгон коңшуларын жана башка өнөктөш мамлекеттерди да санааркатууда.

(Сүрөттө: 2008-жылдын 7-июлунда Кабулдагы Индия элчилигинин жанында машина айдаган жанкечти уюштурган террордук жардыруудан кийин жабыр тарткандарга алгачкы көмөк көрсөтүү учуру. AFP агенттигинин сүрөтү.
XS
SM
MD
LG