Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Польша өз аймагына америкалык ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу жөнүндө АКШ менен алгачкы макулдашууларга жетишти


Варшавада кол коюлган макулдашууга ылайык, Польшанын аймагында америкалык ракета атып түшүргүчтөр орнотулуп, ал үчүн АКШ Польшага америкалык «Пэтриот» деп аталган зениттик ракеталык комплекстерди бермекчи. Бул жөнүндө сүйлөшүүлөр бир жылдан бери болуп жаткан. Буга чейин ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу жөнүндө келишимди АКШ менен Чехия түзгөн болчу. Москва өз кезегинде Вашингтондун мындай аракеттери Россиянын коопсуздугуна коркунуч туудурат деп билдирип келатат.

XS
SM
MD
LG