Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

12:50 Өлкөнүн экономикалык өсүшү жайлаганы байкалууда


2007-жылга салыштырмалуу быйылкы жети ай ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 65336,6 млн сомду түзгөн. Бул өткөн жылкы ушул мезгилдеги натыйжага караганда 7,1% аз. Өнөр жай өсүшү Кумтөр алтын кенин кошпогондо 101,4% түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 115,7% болгон. Ошондой эле өндүрүштө жана электр энергиясын бөлүштүрүүдө да Токтогул ГЭСиндеги суунун аздыгынан улам өсүш жай болууда, деп кабарлайт кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы.
Айыл чарба жана токой чарба продукцияларынын өндүрүлүшү былтыркы жылдагы көрсөткүч менен бирдей деңгээлде. Ошондой эле экономикалык өсүштүн товар алмашуу, экспорт, импорт жаатында жайлаганы байкалууда. Кыргыз өкмөтү буга эң биринчиден дүйнөлүк экономикадагы рецессия жана азык-түлүккө, энергоресурстарга баалардын өскөнү себеп болгонун белгилейт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG