Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

ЭКИ ДӨӨНҮН ОРТОСУНДАГЫ КЫРГЫЗСТАН


“Репортер Бишкек” гезити журналист Сыргак Абдылдаевдин кыргыз президентинин өткөндөгү орус президенти Д. Медведев менен жолугуп келгенине ой калчаган макаласын “геополитика” деген рубрика алдында сунуш кылды. Ырасмий Кыргызстанга тышкы саясаттын жолуна чыгаар алдыңда колуңдагы саатыңды биротоло же Маскөөгө, же биротоло Вашингтонго карай түздөп алууң керек дегндей катуу ишарат жасалды. Ошентип Бишкек 2009-жылдын Жаңы Жылын ким менен тосушу керек деген маселе кабыргасынан коюлду. Кыргызстандагы март окуясы аркылуу келген президенттин 2009-2010-жылдардагы саясый келечегин Кремль эбак эле ченеп, бычып койгон өңдүү, Бакиевдин экинчи мөөнөткө кала турганы да дал ошо Орусиянын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы Борбор Азиялык “обоймада” турганын белгилеген журналист, Бакиев ушу тапта чындап эле эки дөөнүн ортосунда калганын, өлкөнү азык-түлүк каатчылыгы каптап, калк нааразылыгы босогого жакындап калганда Америка менен ысык ымалада болуу кашыңда кашайып орустар турганда өтө опурталдуу экенин, антейин десең Кыргызстандын мойнундагы карызы азыркы бийликтин жашоосун муунтуп сала турган жипке окшоп мойнунда салаңдап турганын кеп кылды. Анын үстүнө Пентагондун “Ганси” арендасы үчүн төлөп келаткан 17,5 млн. доллары өлкөнүн “өгүз өлбө, араба сынба” бюджети жана жеке бизнеси үчүн оңой-олтоң шыбага эмес. Кремлди карап жылмайайын десең, океандын ары жагынан бархат керосининин жаңы жыты уруп жатыры. АКШнын кечээ жакында эле ызы-чуу салып барып токтогон жашыруун курал-жарактары Бишкектин кимди карап жылмайыш керектигин каңкуулап жаткан жокпу? Кавказдагы жаңы согуш, Кытайдагы уйгур уюшмасы... Айтор Кыргызстанда күтүүсүз окуялардын баары болуп кетиши мүмкүндүгүнөн кабар берет, муну эксперттер да эскертип келет деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити “Азык-түлүк кризиси жок жана болбойт”, “Базар ачылса баа арзандайт”, “Телекоммуникациясыз өсүп-өнүгүү мүмкүн эмес”, “Тил, тарых жана тазбайматчылык жөнүндө”, “Академик Оморбай Нарбековдун кеңештери” деген жана башка аталыштагы макала, интервьюлардын топтомун сунуш кылды.

“Агым” гезити президентке катуу таарынып, эки ирет чакыртса басып барбай, эми үчүнчү жолу чакырганда жолукканга макул болгон А. Мадумаров жакында Бакиевге кирерин, өкмөт башчысы И. Чудинов ээрден шыпырылып, ордуна ИИМ министри М. Коңгантиев барат экен деген шыбыр тарай баштаганын, акжолчу депутат Ш. Садыбакасова кечээ жакында эле өзүнүн “Кыргызстан” АКБ банкындагы үлүшүн 20 млн. долларга сатып, эми 7 млн. долларга “Аман” банкын сатып алганын маалымдады.

“Фергена.ру” маалымат агенттиги кечээ түнкү саат 9дар чамасында Чүй дубанынын Беловодск айлына жакын жайгашкан №16 түзөтүү колониясында козголоң болуп, аталган мекемедеги отряддын начальниги жана азыр ким болуп иштээри такталып жаткан кызматкери өлтүрүлгөнүн кабарлады. Чатак чыккан жерге КР юстиция министринин орунбасары С. Зубов барган жана зонага спецназдын жоокерлери киргизилген. Ошол эле күнү “24.kg” маалымат агенттиги өлтүргөн кылмышкер өмүр бою түрмөгө кесилген Кадырбек Абдышев деген адам болгонун, ал түрмө мекемесинин кызматкерлерин бычактап өлтүргөнүн кабарлаган. Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы жергиликтүү журналисттерге “зонада эч кандай козголоң болгон эмес, баарыз көзөмөлгө алынган, ИИМден эч кандай кошумча күч суралган жок, болгону спецназдын жоокерлери гана турат” деп билдирди.

Ушул окуя болуп өткөн 16-колония өзгөчө режимдеги мекеме. Анда жалаң киши өлтүруп, оор кылмыш жасап, өмүр бою түрмөгө кесилгендер олтурат. Эсиңиздерге сала кетели, буга дейре же 2008-жылдын 19-мартында камактагы 700 киши ачкачылык жарыялап, айрымдары колдорун кесип жиберген. Кыргызстандын буга окшогон колноиялары менен изоляторлорунда жан чыдагыс шарттын айынан, түрмө чиновниктеринин коррупциялашкандыгынан, түрмөдөгүлөргө бөлүнгөн азык-түлүктөргө жана казыналык каражаттарга каракчылык кылып, атка минерлердин өзүлөрүнүн талап-тоноосунан улам ушундай башаламандыктар басылбай келатканын аналитиктер менен укук коргоочулар далай ирет эскерткенин белгилеген маалымат агенттиги, 2005-жылдын октябрындагы массалык козголоңдо өзгөчө режимдеги 31-колонияда депутат Тынычбек Акматбаев, түрмөлөрдүн начальниги Изатулла Полотов жана башка бир канча адам өлтүрулгөнүн да эске салды.

“Борбор Азия” маалымат агенттиги Анжыяндын “Богишамол” аймагына пайдаланууга тыюу салынган минералдык жер семирткичтер менен уулуу химикаттар көмүлгөн көрүстөндөр барын, мындан тышкары таптакыр жок кылына турган опурталдуу уу химикаттар Өзбекстан боюнча 1500 тоннага жакындап барарын кабарлап, СССР учурунда пахта өндүрүүнүн мекенине айлангысы келген Өзбекстан мол түшүм алуу үчүн жерди химикаттар менен айоосуз жанчып келгенин, ошентип Борбор Азиянын айдоо аянттарына СССРдин башка өлкөлөрүнүн айдоо аянттарын салыштырганда нормадан 10-15 эсе көп минералдык жер семирткичтер чачылганын белгилеп, өзүнүн тонналаган уу заттарынын кесепети жөнүндө кеп кылгысы келбеген өзбек тарап Кыргызстандын Майлуу-Суусундагы уран калдыктарынын зыяны тууралуу тынбай жазып келатканын баяндады. Ошентип президент И. Каримов Анжыяндын алдына катылган, акыры бир күнү жарыла турган “химиялык бобманы” Советтер Союзундагы доорго шылтап тим болууда дейт маалымат агенттиги.
XS
SM
MD
LG