Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

НАРЫН: И.КАДЫРБЕКОВДУ КОРГОО КЫЙМЫЛЫ МӨӨНӨТСҮЗ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШТЫ


Кечээ - 14 августан баштап Нарын шаарында мурдагы министр Ишенбай Кадырбековду коргоо кыймылынын мүчөлөрү ачкачылык акциясын башташты. Алар И.Кадырбеков камалгандан бери 5 ай убакыт өтсө дагы бир жыйынтык чыкпай, анын баш коргоо чарасы өзгөртүлбөй жатканына нааразы.

“Кыргызстан Коммунистер” партиясынын Нарын шаарындагы кеңсесинде кечээ саат тогуздан баштап И. Кадырбековду колдоо кыймылынын он мүчөсү мөөнөтсүз ачкачылык акциясын баштады. Анын себебин аталган кыймылдын башчысы Асыл Жаманова мындайча түшүндүрдү:

- Ишенбай Кадырбеков 5 айдан бери камакта отурат. Канча жолу президентке, сотко, Жогорку Кеңешке, өкмөткө кайрылсак, эч бир жыйынтык чыкпайт. Нарындын тургундары баш коргоо чарасын өзгөртүп, боштондукка чыгарып берсин деген акцияга чыгып атабыз. Бул биздин акыркы чегибиз болуп калды.

Азырынча он киши баштаган бул ачкачылык акциясына каалоочулар, партиялаштар кошула берсе болоорун айткан А.Жаманова:
- Себеби Ишенбай Кадырбеков өзүңүздөргө маалым болгондой партиянын борбордук комитетинин мүчөсү, - деп түшүндүрдү.

Коммунист Канайым Бердибаева партиянын жетекчилери партиялашы Кадырбеков үчүн эч кандай иш алып барбаганына нааразы. Ачкачылык жарыялагандар мөөнөтсүз отура беришээрин айтышты:

- Коммунисттер партиясынын 87-жылдан берки мүчөсүмүн. Эч кандай алгылыктуу иш алып барышкан жок. СДПКнын мүчөлөрү абдан жакшы пресс конференция өткөрүштү. Ал эми биздин партия эч кандай пресс конференция да өткөргөн жок, Кадырбековду коргоо комитетине колдоо да болгон жок. Нарын шаарынын Коммунисттер партиясын 2000-жылы Кадырбеков өзү келип уюштурган.



Ачкачылык жарыялап отургандардын айрымдарына микрофон сундум:

- “Менин фамилиям Табылдиева Жумабүбү. Менин талабым Кадырбековду камактан чыгаруу. Камактан чыгарбаса 10 күн болобу, 20 күн болобу отурабыз.”

- «Бийликтегилер ойлонсо ойлонду, ойлонбосо жок. Биз өлгүчөктү турабыз». -дейт Улан Кадырбеков.

- «Мен биринчи жолу ушундай акцияга чыгып атам. Мен ушул кишинин эмгеги бааланбаган үчүн ушул жерде отурам. Сегиз мектептин материалын жеп алды деп атат. Айланайын, Орто-Токойдо суу калбай калып жатат, сууну жеп жатышат. Орто жерде ичип-жегендердин баары калып калбатпайбы» - деген Гүлүй эже биринчи жолу ушундай саясатка аралашып жатканын айтты.

Нарын шаарынын коммунисттери атайын жыйналыш өткөрүп, анда партиянын отуз мүчөсү партбилетин тапшырып, партиянын шаардагы ишин токтотуу боюнча чечим кабыл алдышты. Партиянын Нарын облусттук аткаруу комитетинин жоопту катчысы Таалайкүл Жусубалиева анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Партбилеттерди таштап кетели деп атабыз. Биздин Кыргызстандын жети облусундагы коммунисттерин дагы ошого чакырып, кайрылуу кылдык. Партиянын мүчөсү И. Кадырбеков СИЗОдо мыйзамсыз кармалышына, фракциянын көпчүлүк депутаттарынын коркоктук менен унчукпоолору, экинчиси, биздин “Кыргызстан коммунисттер партиясынын” лидери Масалиев карапайым калктын өз талаптарын билдирүүнүн жападан жалгыз жолу болгон - митинг жана саясий акцияларды өткөрүүгө тыюу салуунун демилгечиси болуп, мыйзам жазып, ал болсо кабыл алынгандыгы үчүн.

нарындагы ачкачылык жарыялагандардын акциясы тууралуу облусттук админстрациясынын аппарат жетекчиси Аскат Апсаматовдун маалыматы жок болуп чыкты. Бул иш чараны уккан соң таң калганын жашырган жок:

- Сизден угуп атам. Эгерде ачкачылык жарыялай турган болсо, атайын кайрылып, ал адамдардын ден-соолугу туура келеби, талаптары болсо керек, ошолордун баарын айтып туруп анан болчу эле.

Ал эми коомчулукта айтылып жаткан Кадырбековго коюлуп жаткан күнөөлөр атайын саясий тапшырма деген пикирге А. Апсаматовдун жообу:

- Соттун толук чечими чыга элек. Ошол сот гана туура чечим кабыл алат деген ойдомун.»

XS
SM
MD
LG