Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Грузин-Орус чатагын жеринде иликтөө максатын көздөп барган Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев менен эксперттер Цхинвалиде Түштүк Осетиянын жетекчилери жана Орусиянын Мамлекеттик Думасынын ал жерден шайланган депутаттары менен жолугушту. Мурат Жураев Владикавказ шаарынан телефон аркылуу “Азаттыктын” түз обосунда суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: - Сиздер кечээ Цхинвалиде болгон экенсиздер. Ал жерде азыр абал кандай болууда?

М. Жураев: - Кечээ эртең менен биз Цхинвалиге чыкканбыз, Владикавказдан Цхинвалиге чейинки төрт сааттык жолдо ахывал өтө оор экенин айта кетүү керек. Себеби эки күндүк бомбалоодон кийин шаарда көп үйлөр күйгөн, көп үйлөр жараксыз. Эки миңген жакын адам өлүмгө дуушар болгон. Бүгүнкү күндө ал жерде электр жарыгы, суу жок. 40 миңге жакын качкындар азыр Владикавказда жүрөт, алардын баарын көрдүк. Ошол жерде парламенттин спикери менен сүйлөштүк, ал баардык жерлерди бизге көрсөттү. Акыбал өтө оор. Себеби бүгүнкү күндө Цхинвалинин жанындагы кичинекей грузиндер жашаган айылдардагы үйлөр өрттөлүп, бомбалаган. Биринчи таасир ушундай.

“Азаттык”: - Мурат мырза, Цхвинлиден тышкары сиздер кайсы шаарларда да болдуңуздар?

М. Жураев: - Биз Владикавказда болдук. Ал жакта качкындар менен сүйлөштүк. Өкмөтү менен кандай жардамдар керектиги тууралуу сүйлөштүк. Анан Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиде болдук. Түштүк Осетиянын болгону 70 миң эле калкы бар. Цхинвали кичинекей эле эле шаар экен, тегерегинде беш-алты кичинекей кыштактары бар. Ошол жерлердин баарында болдук.

“Азаттык”: - Бул жаңжалды массалык маалымат каржаттары ар түрдүү чагылдырууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары окуяларды кандай чагылдырып жатат?

М. Жураев: - Алар окуянын болгонун болгондой чагылдырып атат. Биринчиден, грузиндин аскерлери танкалар менен шаарга кирип, көптөгөн мектеп, университет, үйлөрдү талкалап киришкенин көргөзүп, “Грузиянын агрессиясы” деп айтылып жатат. Көп жерлерде, маселен мен Бишкектен чыгып атканда CNN, башка телеканалдар болсо Орусиянын Грузияга карата агрессиясы дегенин уктум. Бирок биз өз көзүбүз менен көрдүк кандай болгонун.

Жергиликтүү эл Орусиянын жардамына өтө ыраазы. Биз жолдо келатканда дагы Түштүк Осетияга келип жаткан колонна-колонна жүктөрдү көрдүк, элге жардам келип жатат. Менин оюмча, бул жергиликтүүлөрдүн баарын ыраазы кылып жатат. Анткени азыркы күндө Орусия бул жаңжалда унчукпай карап турганда, кокус Борбор Азияда ушундай башталып калса, биз да өтө кыйналып калабыз. Орусиянын Түштүк Осетияга тийшпегиле, тийишсеңер дагы Орусия жардам берет дегенин мен өзүм колдоп атам.

“Азаттык”: - Бүгүн Владикавказга келген экенсиздер. Ал жерде да кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болобу?

М. Жураев: - Бүгүн Владикавказдагы орусиялык маалымат каражаттары менен маектешүү болот. Биз өзүбүздүн жеке пикирибизди, көргөндөрүбүздү айтабыз. Бул жерде биз менен Токтогул Какчекеев да жүрөт. Бул иш сапар бизге дагы сабак болуш керек. Биз ушул жердеги эл менен сүйлөшкөндө, бул эки миңден ашык адамдын өлүмүнө алып келген конфликт кайдан чыкканын билдик. Биз ошону иликтеп, көрүшүбүз керек. Бул өтө коркунучтуу учур болуп турат. Мындай жаңжал Косоводо болду, эми Кавказга келди. Бизде Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда дагы өтө кооптуу жерлер бар. Ошого биз дагы даяр болушубуз керек. Кыргызстандык миллионго жакын адамдар азыр Орусияда акча таап, ошол жерде тиричилигин кылып атат. Ошон үчүн Орусиянын кылган ишине өзүбүздүн колдообузду айтпасак болбойт. Азыр Түштүк Осетия менен Грузияда согуш кайдан башталды, биз дагы ошону кайталабаганга аракет кылышыбыз керек.

“Азаттык”: - Ушул чатакты жеринде иликтеп көрүү демилгеси - бул сиздердин жеке демилгеңиздер болдубу, же кандайдыр бар чакыруу маанайында болдубу?

М. Жураев: - Эки ай мурда эле бул жакка келүүгө сүйлөшүүлөр болгон. Биз конфликт эмнеден чыгып жатканын көрөлү дегенбиз. Бирок билет алган күндөрү согуш башталды, ошого карабастан биз келе бердик. Келгенибиз жакшы эле болду деп ойлоп атам. Жергиликтүү элдер менен учураштык, алар дагы кыргыздар келди деп, жакшы маанай менен ыраазы болушту.

“Азаттык”: - Мурат мырза, эми Кыргызстанга качан кайтып келели деп атасыздар?

М. Жураев: - Биз базар күнү 17-августта Кыргызстанда болобуз.

“Азаттык”: - Жагдай боюнча президентке да маалымат бересиздерби?

М. Жураев: - Бул жеке иш сапар. Бирок биз сөзсүз президентке болгон иштерди айтабыз.

“Азаттык”: - Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG