Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

18:00 Жалал-Абат облусунда аял, үй бүлө, адам укуктары талкууланды


Талкууну Еврокеңештин каржылоосу менен облустагы “Лидер аялдар” бирикмеси Базар-Коргон районунда өткөрдү. Ага адам укугун коргоочу жана бейөкмөт уюмдардын, аялдар Кеңешинин, миграция кызматынын өкүлдөрү катышты. Анда жетиштүү маалыматтын жоктугунан жашоого зарыл каражат табуу максатында айрым адамдар алдоо жолу менен сатылып жатканы белгиленди. Жыл башынан бери укугун коргоо өтүнүчү менен бирикмеге сегиз киши кайрылган. Үч кишинин иши сотко жөнөтүлүп, адам саткандар аз өлчөмдөгү айып пул төлөөгө милдеттендирилип, жеңил жаза алышкан. Киши саткандардын коркутуу-үркүтүүсүнөн улам эки жабырлануучу сотко арызданалбай турат. Мындай маалымат 15-августта бирикменин төрайымы Жанна Саралаевадан алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG