Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

18:15 Бакай-Ата районунда Кенжаалы Орозалиевдин сот иши башталды


Кенжаалы Орозалиев былтыр ноябрь айында Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылындагы Тойчубеков атындагы орто мектептин директору Курманбек Осмонбековдон 5 миң сом пара сураган деп шектелип Талас облустук ички иштер башкармалыктын кызматкерлери тарабынан кармалган. Кенжаалы Орозалиев бул ага катара атайын жазалган иш деп, аны кармаган учурда жанынан акча табылбаганын “Азаттыкка” ошол кезде айткан эле. Ал эми пара бердим деп сот ишине катышкан мектеп директору Осмонбековдун айтымында, Орозалиевдин колунда акчага себилген атайын заттын изи калгандыгы далил болууда дейт. Бакай-Ата райондук сотунун төрагасы Албина Жээнбекованын айтымында бул соттук иш 11-августта улантылмакчы. (UA)

XS
SM
MD
LG