Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Э. ЖУРАЕВ: МАМЛЕКЕТТИН ЭГЕМЕНДИГИНЕ ШЕК КЕЛТИРҮҮ - БУЛ КЫЛМЫШ


Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Прага Грузия менен Орусиянын ортосундагы согуштук аракеттер токтогону менен Түштүк Осетиядагы абал дагы эле опурталдуу тейде болууда. Жаңжалдан жапа чеккендерге кайрымдуулук жардамдар ар тараптан берилүүдө. Ошол эле учурда КМШ мейкиндигинде бул жүздөгөн бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган окуяга баа берүү, эки касташкан тарапка калыс сөз айтуу кечеңдеп жатканы айтылууда. “Азаттыктын” кечки түз обосунда ЕККУнун Бишкектеги академиясынын мурдагы аткаруучу директору, Мэриленд университетинин башкаруу жана саясат бөлүмүнүн докторанты Эмилбек Жураев суроолорго жооп берди.

"Азаттык": - Эмне үчүн КМШ өлкөлөрү шашылыш жыйын чакырып, Грузиядагы кырдаалды талкуулаган жок. Эскерте кетсек, ушул учурда КМШ мамлекет башчыларынын төрагасы Кыргызстан эмеспи. Сиздин оюңузча Бакиев мырза кандай кадамдарды жасашы керек эле?

Э. Жураев: - Азыр кырдаал өтө татаал, чындыгында ар бир президент үчүн кандайдыр бир кадам, чечим жасоо кыйын болсо керек. Бул жумада Президент Бакиев казак президенти Назарбаев менен расмий эмес түрдө жолугуп атты. Бирок натыйжада расмий эч кандай сөз айтылган жок. Мунун себеби, Грузия билдиргендей, КМШ өлкөлөрүнүн Орусияга басым берип, Орусия менен өтө жакын мамилеси эмеспи. Ошондуктан КМШнын ичинде ачык түрдө расмий жарыя жасоо, же бир чечимге келүү өтө кыйын болот. Ушул себептен азыркыга чейин жаңы чечимге келе албай турат. Адилет көз карашта албетте, Орусиянын кылган ишин өтө күчтүү сынга алуу керек болчу.

"Азаттык": - Өзүнүн атуулдарын коргоо шылтоосу менен чакан жана алсыз өлкөлөргө аскер киргизүү туура саясат деп ойлойсузбу?

Э. Жураев: - Бул албетте, туура эмес саясат. Бул эл аралык мамилелердеги эң бир негизги укукту, негизги мыйзамды бузуу болуп эсептелет. Көз карандысыз мамлекеттин эгемендигин (суверенитетин) бузуу деген бул кылмыш. Албетте, маселенин экинчи жагы да бар. Грузиянын өз аймагында жасаган кыймыл-аракеттери дагы бир топ доого, сынга тете нерселер. Бирок Орусиянын ага берген жообу өтө чектен чыгып, эл аралык укукту бузуу болуп эсептелет.

"Азаттык": - Эмилбек мырза, мурда сиз ЕККУнун Бишкектеги академиясынын аткаруучу директору болуп иштеген элеңиз. Сиздин оюңузча ЕККУ Грузиядагы кырдаалда натыйжалуу иш алып баралдыбы?

Э. Жураев: - Буга чейин, менимче, натыйжалуу иш алып баралган жок. Албетте, аракет кылышты, бирок бул уюмдун дагы ишмердүүлүгү өтө кыйын болуп жатпайбы. Көп жылдан бери өзүңүздөр билгендей, КМШ мамлекеттери, Орусия баш болуп ЕККУнун ишин сынга алып, кыймыл аракеттерин чектеп келген учурлар болгон. Азыркы күнгө чейин ЕККУнун ишмердүүлүгүндө чектөөлөр болуп, чечкиндүү кадам шилтөөгө мүмкүнчүлүк болбой жатат.

"Азаттык": - Грузия ушул аптада КМШдан чыга тургандыгын билдирбедиби. Бул жарыяга сиздин мамилеңиз кандай?

Э. Жураев: - Биринчиден, албетте мындай кадамды күтүүгө болмок. Грузиянын КМШ мүчөлөрү менен, анын ичинде эң негизги ролду ойногон Орусия менен мамилелери өтө татаалдап, кыйын болуп турган кези. Грузия үчүн КМШ - Орусия дегенге барабар эле түшүнүк. Грузиндер өздөрү гана эмес Украинага, башкаларга да кайрылып, аларды КМШдан чыгууга чакырбадыбы. Анткени акыркы кезде КМШ - бул Орусия бийлеген клуб болуп калып жатат.

"Азаттык": - Буга чейин биздин айрым маектештерибиз айтышкан эле, Грузиянын КМШдан чыгып жаткан себеби, шериктеш өлкөлөр ага эч кандай колдоо көрсөтө алган жок деп. Буга макулсузбу?

Э. Жураев: - Азыркыга чейин эле эч ким, эч кандай колдоо көрсөтө алган жок. Бул мейкиндикте негизинен унчукпоо болуп жатат. Орусия менен өтө жакындыгы жок Беларус бүгүн эле кайра Орусияга тарапташ болуп, Түштүк Осетияга гуманитардык жардам жөнөтүп жатыптыр. Негизинен КМШ сезилээрлик жардам берген жок, бирок бул эле себеп болбосо керек. Орусиянын эл аралык укукту өтө одоно бузган агрессивдүү аракеттери Грузиянын КМШдан чыгышы үчүн негизги шарт болду.

"Азаттык": - Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG