Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

АКШнын президентинин тапшыруусу менен Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс бүгүн (жума күнү) Грузияга келди. Кечээ ал француз президенти Никола Саркози менен Парижде жолугуп, Кавказдагы грузин-орус жаңжалын токтотуп, тынчтык жараянын баштоо жолдорун талкууга алды. АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс француз президенти арачылык кылып түзгөн тынчтык долбоору жакшыртылышы зарыл, анын айрым беренелерине оңдоолор киргизилиши керек, бул долбоордо Грузиянын кызыкчылыктары сакталышы абзел деген пикирин билдирди. АКШдан ушул тапта Грузияга улам жаңы кайрымдуулук жардамы ташылып келүүдө. Деги, соңку грузин-америкалык карым-катнаштардын кандайча кыртышы бар? Батыш ойчулдары Маскөөнүн «Саакашвили кызматтан кетсин» деген талабын туура көрөбү?

Чынында да, пост-советтик Грузия менен АКШнын тыгыз мамилелери күрдөөлдүү окуяларга бай тарыхка ээ.

Бирок 2003-жылдын ноябрындагы “Роза ыңкылабынын” натыйжасында бийликке келген 41 жаштагы грузин саясатчысы Михаил Саакашвили жүргүзгөн кеңири социалдык-экономикалык реформалар Вашингтондун Грузияга ылым санашын ого бетер чыңдаган.

2005-жылы май айында Тбилисидеги “Эркиндик” аянтында калың элдин алдында чыгып сүйлөп, АКШ президенти Жорж Буш (George W. Bush) Грузиянын Батыш менен, Европа Биримдиги менен өнөктөш болуу аракеттерин колдоого алган:

- Биз Грузиянын Европа институттарына кошулуу мүдөөсүн сыйлайбыз. Биз сиздерди НАТО менен тыгыз кызматташууга шыктандырабыз. Грузиянын жетекчилиги жакшы билет: жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүү – сиздердин бул транс-атлантикалык ынтымакка кошулууңуздар үчүн өтө олуттуу мааниге ээ. Ошол эле учурда, Грузиянын аймактык бүтүндүгү жана эгемендиги бардык мамлекеттер тарабынан кадырланууга тийиш.

Кошмо Штаттардын мындай тилектештигине грузин президенти Саакашвили да өз ыраазычылыгын билдирип, 2005-жылы мындай деп айтканы бар:

- Ушул апталарда жана Роза ыңкылабынан кийинки айларда Кошмо Штаттар сыяктуу Грузияга ушунчалык жакын турган башка өлкө болбоду. Дипломатиялык колдоо жаатындабы, экономикалык көмөк болобу, коопсуздуктагы жардам болобу, же тек гана жолдошчулук кеңеш айтуудабы, айтор, Кошмо Штаттар дайыма биз менен бирге турду. Дал ушундай колдоосу үчүн грузин эли аларга түбөлүккө ыраазы.

Грузияга, чынында да, Вашингтон өзгөчө көңүл бөлүп келди.

Бул өлкө “Миң жылдыктын чакырыктары өлкөсү” деген өзгөчө макамга татып, АКШдан мол экономикалык жана башка кайрымдуулук жардамдарын ала баштады.

Эми, Түштүк Осетия жана Абхазия сыяктуу Грузиянын жикчил аймактарынын болочокку макамы маселесинде Грузия менен Орусия согуштук тирешүүгө чейин барган чакта, расмий Тбилиси Кошмо Штаттардан буга чейинкиден дагы кубаттуураак колдоо күтүп турган чак.

Расмий Вашингтон Кремлге кайрылып, Грузиянын ички иштерине мындан ары да кийлигишүү ниетин уланта берчү болсо, анда АКШ менен Орусиянын өз ара алакалары кескин салкындашы мүмкүн экендигин шаршембиде эскертти.

Бирок бейшембиде АКШ Коргоо министри Роберт Гейтс азыркы кырдаалда АКШ аймакта өзүнүн аскер күчүн колдонушу үчүн эч кандай негиз жок экенин да белгиледи.

Кремл болсо Михаил Саакашвили кызматтан кетүүсү керек, аны менен тынчтык сүйлөшүүлөр жараянында бир стол четинде бирге отура албайбыз деп кийинки күндөрү байма-бай кайталап айта баштады.

Деги, Кремлдин башкы максаты – Абхазия менен Түштүк Осетиянын Грузиядан чыгышына жетишүүдөн тышкары Тбилисидеги режимди өзгөртүү болуп жүрбөсүн?

Дал ушул суроо Батышты түйшөлтүп, басма сөздө курч талкууга алынууда.

АКШдагы “Уикли Стандард” ("The Weekly Standard") журналынын ээси, белгилүү ойчул жана нео-консерватор саясатчы Уильям Кристол (William Kristol) мырза “Азаттык” үчүн курган маегинде Михаил Саакашвилинин Грузиянын мамлекет башчысы катары кала бериши маселесин Кремлдин чечишине эч качан жол бербөө керек деген оюн баса айтты:

- Менимче, Саакашвили кызматында кала берет жана калууга тийиш. Биз эч качан мындай принциптин жүзөгө ашуусуна жол бербөөгө тийишпиз –демократиялуу жол менен шайланган мамлекет башчы эч качан диктатордук режимдин баскынчылыгынын айынан кулатылбашы керек. Дал ошондуктан биз Орусиянын Грузия же башка өлкөнүн ички иштерине үстөмдүк кылышына жол бербешибиз керектиги өзгөчө олуттуу мааниге ээ.

Ушул сыяктуу ойлорун Европа Биримдигиндеги таанымал саясатчылар жана публицисттер да баса белгилеп айтышууда.

Кристолдун жана башка батыштык жана айрым орусиялык серепчилердин айтымында, эгерде диктаторлор жана авторитардык режимдин “лөктөрү” чакан демократиялык өлкөлөрдүн жетекчилерин каалашынча алмаштырып, өз чүкөсүн оюна келгендей “калчай берсе”, анда Батыш да өздөрүнүн жаңы досторунан жана өнөктөштөрүнөн четинен айрыла бермекчи.

(Сүрөттө: Жорж Буш менен Михаил Саакашвили НАТО саммити учурунда. Архивден.)
XS
SM
MD
LG