Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Эстон президенти Тоомас Хендрик Илвес мырза Тбилиси менен Маскөөнүн согуштук жаңжалы курчуп турган чакта Грузиянын ордо шаарына башка пост-коммунисттик төрт өлкөнүн жетекчилери менен бирге келип, расмий Тбилисиге моралдык колдоо көрсөтүп кетти. Бул сапарынан соң эстон президенти Илвес “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маек куруп, 21-кылымдын башындагы Кавказдагы үрөй учурган окуя, Грузиянын НАТОго кирүү үмүтү, Евробиримдик менен Орусиянын өз ара алакалары тууралуу кеңири сөз кылды.

ЧЕМБЕРЛЕНДИН ЭКИ ЖҮЗДҮҮ САЯСАТЫ УНУТУЛБАЙТ

Эстон президенти Тоомас Хендрик Илвес (Toomas Hendrik Ilves) мырза Тбилиси үчүн өтө мүшкүл учурда атайын убакыт бөлүп, грузин элине колдоо көрсөтүү үчүн алардын ордо шаарына келген себебин мындай деп түшүндүрдү:

- Көбүрөөк философиялык деңгээлде сөз кылсак, биз 1938-жылкы окуянын кайталанышына жол бербешибиз керек. Ошондо (Британиянын премьери) Невилл Чемберлен (Мүнхен шаарында Гитлер, Муссолини жана Даладье менен бирге) тынчтык келишимине кол коюп, өз мекенине кайтып келип, тынчтык камсыз кылынганын айткан, бирок ал келишимдин натыйжасында калайык анча билбеген алыскы бир өлкө бөлүнүп-жарылууга дуушарланган. Дал ошол келишим, албетте, чоң жаңжалга башат ачып берген.

СОВЕТТЕР ОЙРОН БОЛГОН СОҢ, ДҮЙНӨ ӨЗГӨРДҮБҮ?

Президент Илвестин пикиринде, “Советтер Биримдиги ойрон болгон 1991-жылдан бери дүйнө өзгөрдү” деген буга чейинки бүтүмдү кайра кароо зарыл:

- Менимче, реалдуу саясаттын деңгээлинде карасак, Советтер Биримдигинде коммунисттик түзүлүш кулагандан кийин, мен 1991-жылдан кийинки кырдаал деп атаган учур үчүн “Орусиянын ичинде эмне гана окуя болуп жатканына карабастан, ал мурдагысындай өз коңшуларын басып алчу нукка кайтып келбейт” деген жоромол мүнөздүү болчу. Бул өзөккү жоромол бардыгына таасир тийгизди, ал түгүл НАТОнун болочокку ишмердүүлүгүн пландаганда да анын таасири болду. Бирок бул жобо эми ойронго чыкты. Менимче, август айынын башында биз Орусия тууралуу ойлоп келген пикирди калыбына келтирүү үчүн бүтүндөй бир муундун өмүрү керек болот. Августтун башына чейин биз “ар кандай сөздү угушубуз мүмкүн, бирок Орусия тараптан эч качан баскынчыл аракет болбойт” деп түкшүмөл кылчу элек.

БАТЫШТЫН ГРУЗИЯГА КӨМӨГҮ

Эстон президенти Тбилисиде калайык “Неге Батыш Грузияга натыйжалуураак жана көбүрөөк көмөк көрсөтө алган жок?” деп Батыш өлкөлөрүн сынга алган сөзүн Сизге да узаттыбы?” деген суроого мындайча жооп кайырды:

- Мен мындай сынды угуп жаттым. Бул жерде бир катар факторлор бар экендигин айтаар элем. Анын бири, кейиштүүсү, Грузияга НАТОнун Бухаресттеги саммитинде “Мүчөлүккө өтүү үчүн иш-аракет планы” сунушталбай калганы болду. Ошондо эле мен айтканмын жана азыр да аны кайталайм: ошондогу чечим “Грузияга карата эмнени кааласаң, ошону жасай аласың” деген бүтүмгө жетеледи. Ошондуктан, ошол саммитте (Грузиянын мүчөлүгүнө) каршы чыккандарга азыркы келип чыккан окуялар үчүн кандайдыр-бир жоопкерчиликтин үлүшү таандык. Экинчи жагынан, Батыш да дайыма жайбаракат, ыкшоо кыймылдайт. Бул сыяктуу нерселерди аңдоо үчүн бир аз убакыт талап кылынат. Ал эми муну аңдаган соң, албетте, Батыш демейдегисиндей кубаттуу иш-аракетке өтөт.

БАТЫШ ОРУСИЯГА КАРАТА МАМИЛЕСИН КАЙРА ТАРАЗАЛАЙБЫ?

“Деги, соңку окуялардан соң Батыш, анын ичинде Европа Биримдиги Орусияга карата мамилесин катаалдатышы ыктымалбы?” Эстон президенти Илвес мырзанын жообу төмөнкүдөй болду:

- Менимче, мындан качып кутулууга болбойт. Башка бир күнү айткан билдирүүмдү кайталап өтсөм, Европа Биримдигинин ичинде да өтө эле орусиячыл, же русофилдик коалиция бар. Бул канат өзүнүн Орусия менен дурус ишкердик алакаларын адам укуктары боюнча жана демократия жаатында жана башка европалык асыл нарктардан жогору коюп жатат. Менимче, ушул жагдай болочокто да Европа Биримдигинин ичинде көз караштардын айырмачылыгын туудурган жагдай боло бериши мүмкүн. Бирок, мындай ыңгайлашып алуучу мамиле реалисттердин тарабында байкалбайт, мен өзүм да ушундай реалисттерге кирем деп санайм. Бирок эми кырдаал өзгөрдү го деп ойлойм. Буга чейин айтып өткөнүмдөй, мурдагы түшүнүктөрдүн жыйындысы эми артта калды, ойрон болду. Өзөккү бүтүмдөр өзгөрүүгө дуушарланды.
XS
SM
MD
LG