Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

12:50 Кыргызстандын энергетика тармагы кыштан чыгуу үчүн 60 миллион долларга муктаж


Мындай маалымат Энергетика, өнөр жай жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбековдон алынды. Анын айтымында, мындай каражат Токтогул суу сактагычында сууну өз деңгээлине жеткирип, зарыл электр энергияны Бишкек ТЭЦинде өндүрүү үчүн керек. Анткени, өлкө кышында муктаж болчу 2,5 миллиард киловатт саат электр энергиясынын 500 киловатт саатын ушул Бишкек ТЭЦинде өндүрүү үчүн мазут, газ жана башка каражаттарды тезинен сатып алуу керек. Чет өлкөлүк донорлор кеңешинин мүчөлөрү менен министрликтин өкүлдөрүнүн жума күнкү жолугушуусунда Дүйнөлүк банк 12 миллион доллар берүүгө, 15 миллион долларын өкмөт өз бюджетинен табууга макулдук берди. (BD)

XS
SM
MD
LG