Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Дүйнө азыр Москва менен Тбилиси ортосундагы конфликт менен алек болуп жатканда, Орусиянын пост-советтик үстөмдүгүнөн бошонгусу келген дагы бир мамлекет – Украинага да назарын салгандар көбөйдү.

Түштүк Осетия жана Абхазиянын айынан тутанган орус-грузин конфлигинде Украина, Кремлдин жинине тийип, Грузияны эле колдоп туруп алды.

Атышуулар башталган алгачкы күндөрдө эле Украинанын Тышкы иштер министрлиги Кара деңиздеги Орусиянын флоту Севастополго кайра Киев уруксат берсе гана кире алат деген билдирүү таратты. Ошол учурда орус флоту Кара деңиздин чыгыш тарабындагы Грузиянын жээгинде качкындарга жардам берүү үчүн жүргөн эле.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги болсо бул чечимди Орусияга каршы “душмандык” аракет катары баалады. Бирок украин президенти ага карабай, 13-августта Москванын кыжырына тийген жардыкка кол койду. Ага ылайык, Орусиянын Кара деңиз флоту кайсыл тарапка жылса да, 72 саат мурда уруксат алышы лаазым. Орус тарап муну “Орусияга каршы жаңы кадамдардын бири” деп кабыл алды.

Чын эле азыр Киев Москва менен мамилесин чыңалтып, ушул позициясында бекем турууга даярбы?

12-августта Тбилисиде Грузияны жана анын президентин колдоо үчүн өткөн демонстрацияда украин президенти Виктор Ющенко, өзүнүн польшалык кесиптеши Лех Качинскиге караганда, бир топ эле этият сүйлөгөндөй болду. Качински ачык эле “Орусиянын жаңы империялык амбицияларын тыйыш керек” деп эле чыккан болчу. Ющенко болсо, тетирисинче, өз сөзүндө Орусия тууралуу сүйлөгөндөн качкандай туюлду.

- Бүгүн биз бул жерде Грузия жана грузиялыктар биздин досторубуз экенин айтыш үчүн келдик. Грузия үчүн эң татаал бүгүнкү күнү биз: “Силер эркиндикке жана көз карандысыздыкка укуктуусуңар!” дегибиз келет, - деди украин президенти.

“Түстүү ыңкылаптардын” шарапаты менен бийликке келген Виктор Ющенко менен Михаил Саакашвили бири-бирин колдогон президенттер катары белгилүү. Экөө тең НАТОго мүчөлүк алууга аракеттенип, мунай менен газды Орусиядан алып эле ага жалдырай бербей, эми башка жолун табуу үчүн ГУАМ аркылуу аракеттене башташты. Бул уюмга Грузия, Украина, Азербайжан жана Молдова киришет.

Анткен менен азырынча бул эки ири максаттын бирөө да ишке аша элек. НАТО Тбилисиге да, Киевке да мүчөлүк планын сунуштай элек. ГУАМ болсо таркап кетейин деп, араң эле турган уюмдардын катарында. Андыктан Киев Орусияга каршы кескин билдирүүлөрдү жасаганы менен, ошончолук деңгээлде катуу аракеттерди жасай алышынан күмөн санагандар бар. Мурдагы украин президенти Леонид Кравчук “Азаттыкка” айтканына караганда, орус согуш кемелери Севастополго кайра кайтып келгенде деле, алардын Грузияга каршы чабуул жасоо ниети бар экени ачыкталып калган күндө деле Украина аларды киргизбей кое албайт.

- Кантип орус кемелерин киргизбей коесун? Мен анын эч кадай механизмин билбейм. Эгер ушинтип эле “киргизбейм” деп, көгөрүп туруп ала турган позициядан карасак, анда бул Украина менен Орусия ортосунда согушка алып келет деп түшүнүш керек, - деди мурдагы украин президенти Леонид Кравчук.

Анатолий Хрыценко – Украинанын мурдагы Коргоо министри, азыр парламенттеги Улуттук коопсуздук жана коргонуу комитетин жетектейт. Ал болсо Украина орус кемелерин токтотуп кое алат дейт. Бирок Ющенко андай оор тобокелчиликке барышына ишенбейт. Хрыценконун ишениминде, азыр эми Киев Грузия менен чатакташып жаткан Орусиянын жинине көп эле тийе бербеши керек да, анын оордуна Кара деңиз флотунун ижара акысы боюнча жакшылап сүйлөшүп алса болот. Эгерде ижара акы боюнча маселени алдыга коюп, көрөгөчтүк менен өзүнүн Орусияга карызын да чечип алса, Киев утмак деп эсептейт ал.

Киев өзү келишимге ылайык, Орусиядан ижара акы үчүн 1 млрд.доллар талап кыла алат. Москва азырынча мындан азыраак төлөйт. Киев Москвага 1,3 млрд.доллар карызы бар. Бирок бул вариант деле жарабайт өңдүү. Анткени эгерде Украина ижара акыны 1 млрд.долларга көбөйткүлө деп чыкса, орустар да украиндерге сатып аткан жаратылыш газын кымбаттатып салышы айкын. Азырынча Украина Орусиядан келип жаткан газдын ар бир миң куб.метри үчүн 180 доллар төлөйт.

Украина эгерде Орусияга каяша айтышуусун токтотпосо, алдыда мындан да коркунучтуу нерсе күтүп турушу мүмкүн. Орусия менен Украина ортосундагы Достук келишиминин мөөнөтү да быйыл декабрда аяктаганы жатат. Эгерде ага кайра кол коюлбай кала турган болсо, Орусия 1998-жылдагыдай болуп, Крымды кайра өзүнө кайтарып алуу маселесин козгошу мүмкүн. Азырынча дал ушу келишимдин айынан гана Москва унчукпай турат. Анткени анда эки мамлекет бири-биринин аймактык бүтүндүгүн тааныйт деп айтылган. Крымды Орусия аскерий жол менен өзүнө кайтарып алуу аракетин көрө турган болсо, анын кесепети азыр Грузиядагыдан да оор болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG