Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

АЖИБАЙ КАЛМАМАТОВ: БИЗГЕ ГРУЗИЯ ДЕЛЕ, ОСЕТИЯ ЖАК ДЕЛЕ БИРДЕЙ


Элен Куленбекова, Бишкек ш. Ушу күндөрү КМШ парламенттер аралык ассамблеясынан өкүлдөр Түштүк Осетияда мониторинг жүргүзүүдө. Бүгүн (16-августта) алар Цхинвалиде болушуп, грузин-орусиялык аскердик кагылышуудан кийинки кырдаалды жеринен үйрөнүштү. Жогорку Кеңештеги “Ак жол” Элдик партиясынын фракциясынын мүчөсү, депутат Ажибай Калмаматов Цхинвали шаарынан телефон аркылуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Азаттык: - Сиздер Түштүк Осетиянын ордо шаарында жүзөгө ашырып жаткан мониторингдин алгачкы жыйынтыктары эмне дейт?

А. Калмаматов: - Согуш болгон. Кинодо көрүп жүргөн эле согуштай. Баардыгы өрттөлгөн, жардырылган, кыйраган. Карапайым калктын үйлөрүнө кол салынган. Бул согуштук тактикага жатпаган нерсе. Цхинвалинин борбордук бөлүгүндөгү стратегиялык объектилердин баары артеллериялык курал менен атылыптыр. Министрлик, мектептер, ал тургай жөн үйлөргө да снаряд тийиптир. Айылдарды кыдырдык. Элдин көбү качкын болуп Владикавказга кетишиптир. Кайрылып келип аткандары да бар. Бирок аз санда. Ооруканаларда көбүнчө эле жаш балдар менен аялдар экен. Чиркөөдө жаткан качкындар менен да жолуктук. Гуманитардык жардамдар келип аткан экен. Жол бою эле жүк ташыган машинелер.

Азаттык: - Ушул сапарыңыз маалында орус аскерлеринин учактарынын бомбалоосунда жабыр тарткан Гори шаарына да тийе кетесиздерби?

А. Калмаматов: - Сөзсүз түрдө. Биз Гори шаарына да бара кетелик деп сурандык. Мындан ары 35 эле чакырым экен. Бүгүн ошол жакка барышыбыз керек. Бул жердеги парламенттин спикеринин орун басары тигил жакка өтүш кыйын деди. Ал жакта грузин аскерлери турат экен. Бизге Грузия деле, бул жак деле бирдей. Андыктан ал жакты да бир көрөлүк дегенбиз.

Азаттык: - Орусиянын түштүк осетиялыктарга жарандык берип, анан аларды коргоо үчун Грузияга өз аскерлерин киргизиши КМШ аймагында жаман өнөкөткө айланбайбы? Сиз кандай ойлойсуз?

А. Калмаматов: - Биз бул жерге жабыр тарткан Осетиянын, Грузиянын элин көргөнү келдик. Ал боюнча ойлонууга азыр чама жок. Биз бул жерде аскерий жайда жүрөбүз. Көргөн-билгенибиздин баарын жазып алып, кайтканда отуруп алып сүйлөшөбүз.


(Сүрөттө: Гори шаарындагы бир нече күн мурда орусиялык бомбалоого кабылган турак үй.)

XS
SM
MD
LG