Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевдин маалымат катчысы Авланбек Жумабаевдин билдиргенине караганда, төрага 19-августтан тарта Ош облусунун Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондорун жана Ош шаарын кыдырганы жатат. Сапар учурунда Тагаев эл менен жолугушуп, жаратылыш кырсыктарына кирептер болгон тургундардын ахыбалына, мектептердин жаңы окуу жылына даярдыктарына кызыгат. (BuS)