Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

12:14 И.Кадырбековду колдогон ачкачылык акциясы уланууда


Бул тууралуу Ишенбай Кадырбековду коргоо комитетинин башчысы Асыл Жаманова 17-августта “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ачкачылык акциясына тогуз киши катышууда. Алардын үчөө - аялдар. Ачкачылыкта отургандардын ахыбалы орточо, дарыгерлер жана тартип коргоо кызматтары байкоо жүргүзүүдө. “Облустук администрациядан эч ким келип кабар ала элек” деп билдирди Жаманова. Ачкачылык чарасы төрт күн мурда Кыргызстан коммунисттер партиясынын облустук кеңсесинде башталган. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы, коомдук жана саясий ишмер Ишенбай Кадырбековго кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылып, үч ай мурда Бишкекте камакка алынган. (BuS)

XS
SM
MD
LG