Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

15:37 Ажибай Калмаматов: Түштүк Осетияда психологиялык жабыркоо күч


Бул тууралуу “Азаттыкка” КМШнын парламенттер аралык ассамблеянын курамында Владикавказга барган Жогорку Кенештин депутаты Ажибай Калмаматов 17-августта билдирди. Депутаттын айтымында, комиссия бүгүн Москвага кайтып барып, сапардын жыйынтыгы боюнча билдирүү кабыл алат. Ушул эле күнү депутат Бишкекке кайтат.

Калмаматовдун билдиргенине караганда, Түштүк Осетияда согуш токтогону менен эл психологиялык жападан арыла элек. Баш калаа Цхинвалидеги аткылоолордон көчөлөр, административдик имараттар, мектептер, университеттер, турак үйлөр талкаланган. Качкындар ыңгайлуу деп эсептелген жайларда топ-тобу менен жайгаштырылып турат. Жалпысынан 15 миң качкын бар экендиги болжолдонууда.

А.Калмаматов КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы түзгөн комиссиянын курамында согуштук аракеттер болгон аймактагы жагдай менен таанышуу үчүн бир күн мурда Түштүк Осетияга кеткен. Комиссияны КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын баш катчысы Михаил Кротов жетектеп барды. Комиссиянын курамына Казакстан менен Беларусь парламенттеринен да бирден депутат кирген. Грузия болсо КМШга уюм катары ишенбей тургандыгын билдирип, анын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алган. Айрым эксперттер КМШны Орусия үстөмдүк кылган уюм деп эсептешет. (BuS)

XS
SM
MD
LG