Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Аймактык бүтүндүктү сактоо максатында Грузия бийлигинин Түштүк Осетияда конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү аракети жаңы жаңжалга алып келди. Ал талаштуу деп эсептелген жердеги орусиялык жарандар менен тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн өмүрүн коргоо милдетин алган Орусия ырасмий Тбилиси менен кагылышууну баштады. Ал арада Д.Медведев Орусия президенттигин аркалагандан бери 100 күн өттү. Анын бир өңүрү “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунда козголмокчу.

Бекташ Шамшиев: - Бүгүнкү талкууга Көлдөн парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Жанкороз Каныметов, бул жерде студиядан “Эркиндик” партиясынын негиздөөчүсү, белгилүү коомдук-саясий ишмер Топчубек Тургуналиев катышат. Анда эмесе кепти баштасак. Жанкороз мырза, Орусия президенти Д.Медведевдин 100 күндүгүнүн эң орчун окуясы орус-грузин чатагы кезинде анын позициясы болду окшойт. Президент Д.Медведевдин мына ушул чатактагы позициясын кандай деп баалайт элеңиз?

Жанкороз Каныметов: - Аны эми кандай деп бааласа болот. Өз элин, тынч жаткан калкты бомбалоону агрессия деп айтса жарашат. Ага кошумча, ал жерде тынчтыкты сактай турган күч жалгыз эле Орусия. Анан, экинчиден, ал жерде жашагандардын көбү Орусия жарандары экен. Ошон үчүн, менимче, Орусиянын жасаганы туура эле болду. Эми биз дүйнөлүк масштаб, адам укугу, аймактык бүтүндүк деп айтып жатпайбызбы. Бирок кандай болгон күндө да өз элин кыйратып, өз жерине чабуул койгондун өзү чоң коркунуч го. Мунун артында АКШ турганы билинип эле турбайбы. Ошондуктан мен ойлойм, Орусиянын бул жердеги кадамдары туура. Ирактагы уруштай болуп бул деле уланып кетиши мүмкүн. Орусиянын алдагыдай шартта тең салмактуулукту кармап турганы дурус болду деп ойлойм.

Бекташ Шамшиев: - Топчубек мырза, Д.Медведевдин 100 күнү ичинде болгон орус-грузин чатагын айрымдар демократия менен авторитардык башкаруунун тиреши катары мүнөздөа жатышат. Же болбосо мунун башка да себеп-жөнү барбы?

Топчубек Тургуналиев: - Бул маселенин жок эле дегенде үч тарабы бар. Биринчиден, улуу өлкө үчүн президенттин 100 күнү улуу ойлордун, аткарууга убада кылган максаттардын гана башы. Экинчиден, ошол эле Орусиянын өзүнүн байкоочулары, саясатчылары, журналисттери, эларалык байкоочулар, адистер Д.Медведев чыныгы президент боло албаганын, ал В.Путиндин гана көлөкөсүндө калып калганын айтышууда. Баш министр В.Путин мурдагыдай эле ички-тышкы саясатты түзүп, мурдагыдай эле алдында жүрөт, деген пикирге мен дагы кошулам.

Ал эми орус-грузин чатагы боюнча мен Жанкороз мырзанын пикирине кошулбайм. Бул жерде Грузиянын аймактык бүтүндүгү жөнүндө сөз болуп жатат. Түштүк Осетия, Абхазия бул укуктук жагынан Грузиянын ичиндеги жерлер. Ал эми Орусия болсо мурдагы кылымдардай эле, Советтер Союзу кезиндегидей эле империялык саясатты жүргүзүп жатат.

8-августта башталган согуш Грузия менен Түштүк Осетиянын ортосунда болгон жери жок. Ал Орусия менен Грузия ортосунда болду. Адегенде орустар Түштүк Осетиядагы куралдуу топторду грузиндерге каршы тукурушту, андайга алар жооп беришти. Грузиянын күчөтүлгөн аскерлери Түштүк Осетияга киргизилди. Ошол шылтоо гана керек эле. Орусиянын 58-аскерлери зордук-зомбулук көрсөтүп, Поти, Гори деген Грузиянын ички шаарларын, айылдарын талкалап кирди. Атүгүл Орусия Карадеңиздеги аскер деңиз кемелерин пайдаланып Грузиянын бир катерин чөктүрүп ийди. Бул жерде “ким утту” деген суроо туулат. Орусиянын В.Жириновскийге окшогон ура-патироттору Тблисиге чейин барып, Грузиянын башкалаасын жер менен жексен кылууга даяр болчу, ошолор кыйкырып жатышат. Менин оюмча, Орусия Грузия менен чатагында өзүн-өзү эларалык бөлүп коюучулукка аып келип жатат.

Бекташ Шамшиев: - Жанкороз мырза, грузин-орус чатагы КМШ өлкөлөрүнүн өз ара мамилесине таасирин тийгизеби? Грузия деле Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө болчу.

Жанкороз Каныметов: - Таасирин тийгизет. Бирок ал кандай таасир – муну так айтыш кыйын. Чынын айтканда шериктеш мамлекеттер буга чейинки 70 жыл ичинде ынтымак эле жашап келишпедиби. Муну туура ойлонуп, мындан аркы ынтымакты камсыз кылуунун аракетин көрүшүбүз керек. Бир туугандар ичинде деле ынтымак болушу абзел. Чоңбу-кичинеби, мамлекеттер ортосунда ынтымак, анан бирин-экинчиси колдоп турушу зарыл. Мен ойлойм, шериктеш өлкөлөрдө ынтымак болушу абдан зарыл.

Андай айтабызбы, мындай айтабызбы, бирок да революцияны башынан кечирген Украина менен Грузия азыр кандай ахывалда? Эми алар НАТОго кирсе эле жыргап кетишеби? Алар элдин оюн укпай жатышат. Кыргызстандын ушу тапта туруктуу турганына Кудайга тобо дешибиз кеерек. Ошон үчүн мен ойлойм, биздин мындан аркы жасай турган иштерибиз ошол эле КМШ өлкөлөрүнө, Орусияга байланыштуу болот. Ынтымакта жашоо биз үчүн, КМШ үчүн жана да жалпы дүйнө үчүн чоң маселе.

Бекташ Шамшиев: - Топчубек мырза, орус-грузимн жаңжалын жана өйдөтө айтылгандай, айрымдар демократия менен авторитардык бийликтин ортосундагы кагылыш катары мүнөздөп жатышат. Антишке жүйөө барбы?

Топчубек Тургуналиев: - Москва, Д.Медведев, В.Путин баш болуп ушунчалык калпты айтып жатышат. Мисалы, алар Түштүк Осетияда 2 миңдей адам кыргынга учурады деп жатышат. Ал эми мурда күнү “Эхо Москвы” радиосунан Сергей Ковалев деген белгилүү укук коргоочу өздөрүнүн изилдөөсүнө таянып, Түштүк Осетияда 44 адам өлгөнүн айтты. Албетте, 44 адам эмес бир киши өлсө деле ал өтө оор нерсе. 44 адам өлгөн 273 адам жарадар болгон дейт. Орусия азыр өзүнүн айласын таба албай жатат. 2000 адамдын сөөгүн көрсөтүш керек. Эларалык сотко беребиз, тиги бу деп жатышат.

Дагы бир маселе, Д.Медведев да, В.Путин дагы, бул өзү геноцид – кыргын деп айтышты. Биринчи болуп антип В.Путин айткан. Эгерде кыргын болсо эң биринчи иретте москвадагыларды да эларалык сотко бериш керек. Себеп дегенде, акыркы 4 кылым ичинде чечендерден башка деле канча улуттарды тукум курут кылышкан.

20-кылымда эле Орусия империясы кыргыз улутун 5 жолу кыргынга учураткан. Эгер Жанкороз мырза айткандай, баары туура болсо анда Грузиянын курамындагы Түштүк Осетия менен Абхазиядан мурда өз тарыхыбызды, 18 жыл мурдагы Ош окуясын эстебейлиби! Ош алааматы эмнеден башталган?

Албетте, Түштүк Осетия, Абхазия маселеси - өтө татаал. Осетиндердин көпчүлүгү Орусияда, азы Грузияга карап бир улут экиге бөлүнүп калган. Муну баскынчылык, ок атуу менен эмес, тынчтык жол менен чечиш керек эле. Азыр Батыш өлкөлөрү Түштүк Осетия менен Абхазия маселесин чечиш үчүн ал жерге тынчтыкты сактай турган эларалык куралдуу күчтөрдү киргизиш керек деп жатышат.

Грузия августтун он экисинде шериктештиктен чыкканын жарыя кылды. Ал анын өз эрки. Грузия Түндүк Атлантика аскерий бирикмесине кирейин деп жатат. Ал да өзүнүн эрки. Аны киргизгиси келбей кызганган Орусиянын кийинки кездери Украина менен мамилеси да курчуп кетти. Шериктештик мамлекеттер бирикмеси бул мурдагы Советтер Союзунун көлөкөсү, анын уландысы деп койсо болот. Ошон үчүн Кыргызстан үчүн да бул маселени келечекте даана чечип алыш парз.

Бекташ Шамшиев: - Жанкороз мырза, В.Путиндин ордун баскан Д.Медведевдин 100 күндүгүнө карата анын дарегине өтөле көп сындар айтылып жатат. Ал В.Путиндин эле кайталанмасы, көлөкөсү деп жатышат. Мурунку-кийинки президент туралуу кеп болгондо К.Бакиевдин А.Акаевден анча деле айырмаланбаганын да айтышат. Сиздин оюңузча ушундай пикирдин чыгышына жүйөө барбы?

Жанкороз Каныметов: - Жүйөөсү бар да албетте. Орусияны Орусия кылып алып чыккан В.Путиндин идеяларын, иштерин алдыга сүрөп, аны жакшы жагына оодарып, аракет кылып жаткан президент Д.Медведев болууда. Келе калып эле башка жакка буруп ийиш кыйын. Ошондуктан мен ойлойм, Д.Медведев В.Путиндин системасын өзгөртөт. Туура, бүгүнкү күндө ал В.Путиндин жолу менен жүргөндөй, анын нугунан чыкпай жаткандай сезилип атат. Ал өзү билимдүү, юрист адам экен. В.Путин менен ал өзү Орусиянян өсүшүнө, алдыга жылышына чоң салымын кошот го деп ойлойм. Д.Медведев В.Путин менен чогуу болот го деп ойлойм.

Бекташ Шамшиев: - Топчубек мырза, Д.Медведев В.Путиндин айырмасы жок, анын таасиринен чыга албаган адам деп айттыңыз. Ушундай эле пикирди А.Акаев менен К.Бакиевге карата да айтып жүрүшөт. КМШ кыйырындагы бийлик системасы окшош, анын себеби сиз эмнеге байланыштырасыз?

Топчубек Тургуналиев: - В.Путин менен Д.Медведевди А.Акаев менен К.Бакиевге салыштырууга болбойт. Д.Медведев В.Путиндин уландысы эмес, анын көлөкөсүндө калып турган адам.

Менин оюмча, В.Путин эки мөөнөт баш министр болуп, анын кийин кайра өзүнүн мурунку ордуна келиши мүмкүн. Ортодо Д.Медведевди кол бала катары пайдаланып жатат, деген жалаң эле Топчубек Тургуналиевдин пикири эмес. Муну орусиялык саясатчылар, Батыштын байкоочулары айтып жатышат. Чынында эле ошондой. Мына В.Путин Бээжинде туруп алып геноцид деп кыйкырбадыбы. Эртеси аны Д.Медведев кайталады.

Акыркы төрт кылым ичинде Орусиянын тукум курт кылган калктарынын саны ондоп саналат. Мына Сибирдеги, Алтайдагы калктар ошондой. Же Түндүктөгү элдер ассимиляция – тукум курут болуп жоголуп баратышат. Кыргызды беш ирет тукум курт кылды. Акыркысы руханий тукум курутчулук, бүгүн да ошондон чыкпай жатабыз.

А.Акаев менен К.Бакиевдин ортосундагыны башкача түшүндүрүш керек. А.Акаев болсо өзүнүн элине кыргын салган, геноцид –тукум курутчулук кылып, кийин чыккынчы болуп качып кетти. Үч жыл Кыргызстанды Швейцарияга айлантам деген демилгесин мен дагы колдогом. Ал эми К.Бакиевди болсо революциячыл эл, революциячыл оппозициялык бирикме алдыга чыгарган. Бирок, тилекке каршы, К.Бакиев 2005-жылдагы элдик революциянын тарыхый улуу максаттарынын бирин да аткара алган жок. Мен биротоло түңүлдүм.

Мына мен А.Акаевди убагында үч жыл колдоп, анан 1993-жылдын октябрында өзүнүн кабинетинде “колуңан келбейт экен, бийликтен кет” деп айттым эле. Анан куугунтуктай баштады.

Ал эми К.Бакиевди да мен үч жыл күттүм. Өзгөчө өткөн жылкы референдум, айрыкча 16-декабрдагы парламенттик шайлоодон кийин мен андан биротоло түңүлдүм. 2006-жылдын декабрында “Акжол” партиясынын аты адегенде “Содружество” болчу. Анын ичинде “каражолчулар” деле көп экенин айтып 15-октябрдын кечинде мен интервью бергем. Мен ошондон буларга жакпай калдым. “Акжолду” түзүп, парламенттик шайлоону ыплас өткөргөн К.Бакиев казак президенти Н.Назарбаевдин “Нур Отан” , ошол эле В.Путиндин “Единая Россия” жолу менен кетти.

Орусияда парламенттик, президенттик шайлоо болгон жок, деп азырга чейин айтып келатышат. Баары тең бурмалоолор менен өттү. “Акжол”, “Нур Отан”, “Единая Россия” да.

К.Бакиев чыныгы демократиялык жол менен эмес, өзүнүн жеке бийлигин бекемдөө, авторитардык жолго өттү. А.Акаев Кыргызстандын ыйык жерлерин Казакстанга, Кытайга өткөрүп берди. Ошондой ыйык жерлерди башкаларга кармата берүү саясаты дагы эле уланып жатат. Мынакей, “Манаста” жердин эң асылы катары даңазаланган айтылуу Каркыра жайлоосун казактарга белек катары берип койду. Мындай иш менен бир да президент абийир таба алган эмес, таба да албайт.

Бекташ Шамшиев: - Ушуну менен кебибизди жыйынтыктасак, ишиңиздерге ийгилик болсун!
XS
SM
MD
LG