Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

Батыш өлкөлөрү Орусия Грузиянын аймагынан өз аскер күчтөрүн чыгара баштоо тууралуу келишимди аткаруусуна көзөмөл салууда


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс билдирип, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев өз сөзүнө тура аларына ишеним артарын белгиледи. Кечээ Орусиянын лидери Дмитрий Медведев өз аскерлери Грузиядан бүгүндөн тартып чыгарыла баштайт деп Франциянын президенти Николя Саркози менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү маалында бышыктаган. Учурда Европа Биримдигинин президенттигин аркалаган өлкө - Франциянын мамлекет башчысы эгерде Орусия ок атышууларды токтотуу тууралуу өзү кол койгон келишимге моюн сунбаса, анда олуттуу кесепеттерге кабылаарын Кремлге эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG