Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

11:25 Нарындагы ачкачылык акциясындагы 9 кишинин бири ачкачылыгын токтотту


Ишенбай Кадырбековду коргоо комитетинин башчысы Асыл Жаманованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, акцияда отургандардын айрымдарынын саламаттыгы начарлай баштады. Алардын бири Надырбекова Гүлүмкан акциясын токтотту. Калгандарынын саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси, коммунист Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылган акция 14-августтан бери Коммунисттердин Нарын облустук кеңсесинде уланууда. Кадырбековго кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп, Каржы полициясы Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча кылмыш козгоп, апрель айында камакка алган.(BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG